Бардык жаңылыктар

Депутаттар тобу олуттуу эмес жол эрежелерин бузуу айып пулдарынын өлчөмүн азайтуу демилгесин көтөрдү

Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодексти өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын окшош өлчөмдөрүн белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилер – депутаттар тобу.

Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган. “Кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Алсак айдоочу тарабынан токтотуу жана токтото туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн светофордун тыюу салуучу белгисинен өтүп кетүү же болбосо жол тескегичтин тыюу салган көрсөтүүсүнө баш ийбөө сыяктуу жоопкерчилик каралган.

Анчалык олуттуу эмес бузууларга жогорку айып пулдардын туура эмес коюлушуна нааразы болгон жарандардын кайрылуулары көбөйүп барат. Социалдык түйүндөрдө бузуулардын айрым категориялары боюнча обужок жогорку айып пулдардын коюлгандыгы үчүн мамлекетти сынга алып жатышат. Ошондуктан, бул мыйзам долбоору жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына карата ишениминин деңгээлин жогорулатууга, “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.

Мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген депутат Сайдулла Нышанов жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи. “Автомашиналардын жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок, аны жоюп салыш керек. Ошондой эле, чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл”, - деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов бул маселени иликтеп көрүп, бир чечимге келүүгө убада берди. Ал трассаларда жүрүү ылдамдыгын 90 км/саатан 110 км/саатка чейин көтөрүү чечими кабыл алынып, азыр тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.
Депутат Зиядин Жамалдинов мыйзам баардык жарандарга бирдей иштеши керектигин айтты. “Айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмү 3 миӊ сомдон 1 миӊ сомго чейин азайтылып жатыптыр. Аны ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да бар, муну дагы эстен чыгарбаш керек. Башкы максат айып пулду азайтуу эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган адамдар ошого жараша айыбын тартышы зарыл. Ошондо тартип болот”, - деди ал.

Ал эми депутат Жанар Акаев айып пулдардын өлчөмү азайтылганы менен, жолдогу видеокамералар көбөйтүлүп, көзөмөл күчөтүлө турганын билдирди. Ал жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлерин жарандарды бошоӊдотпой, азыртан түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!