Бардык жаңылыктар

«Узтрансгаз» мыйзамсыз тапкан 20 миллион доллар кирешесин керектөөчүлөргө кайтарып берет

«Узтрансгаз» ишканасы 2018-жылы жана 2019-жылдын биринчи кварталында чарбалык субъектилерге жаратылыш газын жеткирүүдөн 188 миллиард 200 миллион сум (20 миллион доллардан ашык) өлчөмүндө негизсиз киреше тапкан.
Өлкөнүн Монополияга каршы комитети кабарлагандай, бул тууралуу «Узтрансгаздын» аймактардагы бир нече өкүлчүлүгүн текшерүүдөн кийин белгилүү болгон.
Расмий билдирүүгө ылайык, аймактардагы газ менен камсыз кылуучу компаниялар тарифтерди мыйзамсыз жогорулаткан 8 701 учур аныкталган.
Буга байланыштуу аталган компанияларга карата «Табигый монополия тууралуу» мыйзамдын бузулушу боюнча кылмыш иштери козголуп, керектөөчүлөргө негизсиз тапкан кирешесин кайтарып берүү тууралуу жазма буйруктар берилген.
— Бүгүнкү күнгө карата аймактардагы газ менен камсыздоо ишканалары тарабынан көрсөтүлгөн сумманы тиешелүү чарбалык субъектилерге кайтарып берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, — деп билдирди мекеменин өкүлү.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!