Бардык жаңылыктар

Сенаттын баяндамасы Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишкенин ырастады

АКШда Сенаттын чалгын комитети Орусиянын америкалык коомчулуктун аң-сезимине таасир этүү үчүн социалдык түйүндөрдү колдонгондугу тууралуу баяндамасын жарыялады.
Баяндаманын авторлору Кремль колдогон «троллдор фабрикасы» президенттикке талапкер Дональд Трамптын популярдуулугун арттырып, ошол эле маалда анын негизги атаандашы Хиллари Клинтонду жаманатты кылуу максатында иш алып барган деп эсептешет.

8-октябрда жарыяланган баяндамада Орусиянын «Интернет изилдөөлөр агенттигинин» иши бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан мааалыматтык согуштун бир бөлүгү болгону белгиленген. Анда иштегендер Кошмо Штаттардын саясий жана коомдук чөйрөсүндө пикир келишпестиктерди жана талаш-тартышты жаратууга аракет кылышкан.

Башкы кеңсеси Санкт-Петербург шаарында жайгашкан жана «троллдор фабрикасы» деген аталыш менен белгилүү «Интернет изилдөөлөр агенттигине» Кремлге жакын ишкер Евгений Пригожин ээлик кылат. Бул агенттик жөнүндө Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишкенин изилдеген атайын прокурор Роберт Мюллердин баяндамасында дагы бир нече жолу айтылган. Мюллердин баяндамасы быйыл апрелде жарыяланган.
Вашингтон АКШга каршы багытталган аракеттери үчүн «троллдор фабрикасына» тиешеси бар бир нече юридикалык жана жеке жактарга, анын ичинде Пригожинге карата санкцияларды киргизген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!