Бардык жаңылыктар

Чынара Капарова, журналист: “Атамбаевди кармоо операциясына Асанов чекит коюп берди да...”

Мекенчил уул

Аттан аттын неси артык, ашыра баскан  изи артык.
Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык

Барсбек Каган

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын  жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин  жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана  убадага бекем туруп,  ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал  үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө  биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.

    Асанов элдин пикиринде...

Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

-Курсан мырзаны, биз, журналисттердин көпчүлүгү тил табыша билген, элпек, шар жүргөн адам катары тааныдык. Аткарган кызматына адистик деңгээли дагы, аскердик дене түзүмү дагы шайкеш келген мырзалардын бири. Кыргызда «жакшы уул эл ишине жарайт” деген жакшы макал бар эмеспи, бул так ушул Курсан Асановго тиешелүү. Эл ишине жарап келе жатат. Ош коогаланында өзүн чыныгы аскер катары көрсөтө алды, аны баарыбыз көрүп, угуп, окуп билдик. Укуктук дагы, саясий дагы дыкат ойлонулбаган, анан ойроң кеткен Атамбаевди кармоо операциясына Асанов чекит коюп берди да. Эл күбө. Азыр эми кесипкөйлөр кодуланып, мажүрөөлөр колдоо алып жаткан мезгилди баштан өткөрүп жатабыз. Жамандыкта амандык жеңет демекчи, генералга амандык каалайм. Дайыма эл кызматында болсун.

Булак:Жетиген журналы




Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!