Бардык жаңылыктар

Медеткан Шеримкулов, коомдук ишмер: “Анын баатырдык мүнөзүн абдан баалайм...”

Мекенчил уул

Аттан аттын неси артык, ашыра баскан  изи артык.
Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык

Барсбек Каган

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын  жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин  жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана  убадага бекем туруп,  ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал  үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө  биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.

    Асанов элдин пикиринде...

Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

-Курсан Асановду милиция тармагындагы кызматы жагынан дагы өтө такшалган, профессионал адам деп эсептейм. Ош окуясында оттон, октон кайра тартпай, кыйын кырдаалда өзүнүн жеке керт башын унутуп, эки элди элдештирүүнүн камында жүрдү. Бул деген чоң эрдик. Курсандай болуп жанталашып, эки элди элдештирип, арачыга түшүп, өлүмгө тике карап турган кишилер аз болду. Бул жигит кайсы гана бийлик келбесин милдетин таза өтөйт.  Саясатта мындай таза иштөөнүн өзү кыйын. Анын баатырдык мүнөзүн абдан баалайм. Мамлекеттин башына кандай гана кыйын кырдаал түшпөсүн биринчилерден болуп, кыйынчылыкты колго алып, тез аранын ичинде маселени чечкенге аракет кылып келди. Жашоодо өз принциби бар, ак менен караны ажырата алган, өз кызыкчылыгынан элинин мүдөөсүн жогору койгон чыныгы атуулдардын  бири деп айтсам жаңылышпайм. Генералдыктын атын булгабай, татыктуу алып жүргөн аскер адамы аз. Андайлар тарыхта чанда жаралат.  Учурда Курсан өз кызматын эң жакшы аткарып келди. 7-8 августтагы Кой-Таштагы болгон окуяда Курсан Асановдун тайманбас эрдигин жогору баалаймын. Ошол жердеги адам өмүрүнө коркунуч келген кооптуу кырдаалда жасаган иш-аракетин ИИМдин жетекчилиги ич-ара баа берип чечишип алышканы жөндүү эле. Эми Курсан Асановго Башкы прокуратура жүргүзүп жаткан  тергөөдө объективдүү туура баа берилет деп ишенем. Оболу, Курсан Асанов сыяктуу биздин көрүнүктүү ИИМдин кызматкерлерине ишеним көрсөтүү жана аларды колдоо ИИМдин жетекчилигинин камкордугу болушу керек. Себеби министрликтин жетекчилеринин арасында бири-бирине болгон ишеним жана колдоо жагы ошол системанын үзгүлтүксүз жана жогорку профессионалдык деңгээлде иш алып барышына  шарт түзөт. Мен ИИМдин иштерине ийгилик каалайм. Дайыма биримдикте болуп эл арасындагы тынчтыкты, мамлекетибиздеги стабилдүүлүктү мындан ары да бекем сактоого чакырам!  

Булак:Жетиген журналы




Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!