Бардык жаңылыктар

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын эл артисти: “Ош коогалаӊын эстегенде Курсан Асанов эсиме түшөт...”

Мекенчил уул

Аттан аттын неси артык, ашыра баскан  изи артык.
Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык

Барсбек Каган


Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын  жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин  жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана  убадага бекем туруп,  ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал  үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө  биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.

    Асанов элдин пикиринде...

Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

-Курсан Асанов дегенде Ош коогалаңындагы кыргыз менен өзбекти биримдикке чакырган теледеги бала эсиме түшөт. Бул баланы жакындан тааныбасам дагы анын дарегине жалан гана жакшы пикирлерди угуп келебиз. Азыркы доордо өзгөнү  эмес өзүн ойлогон өзүмчүлдөр көбөйдү. Ал эми Курсан Асанов өз башын тобокелге сала эли-жери үчүн, кыргыз менен өзбектин ынтымагы деп  керт  башын ажалга сунду. Чечкиндүү, ишке так, намыстуу, абийирдүү, ыймандуу жана чыныгы элдик генерал деп Курсан Асановду таамай айта аламын. Ушундай аракеттери жана жасаган эмгектери менен эл арасында “элдик генерал” деген атка конгон экен.  

Булак:Жетиген журналы


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!