Бардык жаңылыктар

Бабановдун жакшылыгын унуткан Турускулов фракция лидерлигинен алынабы?

Кийинки айдын башы менен Жогорку Кеңештеги «Республика Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун фракция лидерлигинен алынаары ММКларда жазылууда. Аталган фракция бул тууралуу так позициясын билдирбегени менен мындай маалыматтардын айтылып жаткан жɵн жерден эмес ɵңдүү. Учурда «Республика Ата Журт» фракциясын тескеп олтурган Турускуловдун санаасы санга, ою онго бɵлүп аткан учуру. Кезинде Ɵмүрбек Бабановдун чет ɵлкɵгɵ кеткенин пайдаланып лидерликке келген Жыкең бүгүн ал кылганына ɵкүнүп туру. 

Анан калса Жыргалбек Күрүчбекович, Ɵмүрбек Бабановдун ɵлкɵгɵ келишин жактырган жок. А түгүл, «Президент Бабановго берем деген суроолорун бербейби, айтканын унутуп калган го. Күнɵлүү болсо жооп бериш керек да…» дегендей ичи тарлык сɵздɵрүн ɵз чɵйрɵсүндɵ айтып жүргɵнү жалганбы? Калп десе, ачыгын айтсын анын да айткандарына сайтыбыздан орун берели. Бир учурда Бабановдун аркасы менен май талкан кызматтарга жетип, кийин депутат болуп, анан ал саясий бир кырдаалдын натыйжасында ɵлкɵдɵн чыгып кеткенде артынан ор казып фракциясын тартып алган Турускулов, «принцип», «позиция» тууралуу сүйлɵбɵй эле койсо… 

ЧЫНДЫК








Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!