Бардык жаңылыктар

ФОТО - Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү "Ынтымак" эс алуу багына бак отургузушту

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Эмилбек Каптаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова "Ынтымак" эс алуу багына бак отургузушту.

Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов дагы катышты.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен президенттин жолугушуусу зарыл иштердин бири экенин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Мындай пикирин ал 14-сентябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги "Ынтымак" эс алуу багына барып, көчөт тиккен учурда "Азаттык" радиосунун кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып айтты:

"Бул жолугушуу абдан зарыл. Биринчиден, бул - президент Жээнбековдун Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен кызматташууга даяр экенинин белгиси. Экинчиден, Убактылуу өкмөт бул - тарых. Президент Кыргызстандын келечеги кечээги күндөн келип чыгарын, өткөндүн каталарын таанып, аларды келечекте болтурбоого аракет кылып жаткандыгынын белгиси", - деди Текебаев.

Жолугушуу мамлекеттик резиденцияда өтөрү кабарланган, бирок президенттин администрациясы бул жөнүндө маалымат тарата элек.

Буга чейин 2010-жылдагы утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү жолугушкан. Алардын сүрөтү социалдык тармакка тараган. Текебаев "бул жолугушуунун негизги максаты, мен менен Чотоновдун эркиндикке чыгышы болду" деп айткан. "Анын ичинде өлкөдөгү кырдаал, абал, андан чыгуунун жолдору тууралуу пикир алышуулар, сүйлөшүүлөр болду", - деп билдирген Текебаев.



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!