Бардык жаңылыктар

Кортеждик унаанын ичиндеги 17 жаштагы кыз да каза болду

Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөттүк трассадагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, 9-сентябрда 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8 автобус кагышып, жеңил унаадагы төрт бала мерт болгон. Милиция жеңил автоунаа үйлөнүү тойдун кортежинин катарында баратып, каршы тилкеге чыга коюп автобус менен кагышканын билдирген. Алардын жанындагы 17 жаштагы кыз өзүнө келбей жатып бүгүн каза болду.
Кырсыктын кесепетинен жети адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирөө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө кеткен.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна үчөө жаткырылган.
— 30 жаштагы кишинин мээси чайкалып, башы жабыркаган. Оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат;
— Болжол менен 20-25 жаштагы кыз. Мээси чайкалып, башы жарылган. Жандандыруу бөлүмүндө жатат, өзүнө келе элек;
— 59 жаштагы аялдын билеги сынган, абалы орто.
Улуттук госпиталдын №1 нейротравма бөлүмүнө башынан жаракат алган 21 жаштагы кыз жеткирилген. Абалы ортодон оорураак.
Шаардык балдар клиникалык ооруканасына эки бала жаткырылган.
— 16 жаштагы кыз башынан жаракат алып, нейротравма бөлүмүндө жатат. Абалы ортодон оорураак.
— 8 жаштагы кыз жеңил жарааты менен жаткырылган, абалы канааттандырарлык.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!