Бардык жаңылыктар

Өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоонун баскычтуу “жол картасын” ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 5-июлундагы № 370 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоонун баскычтуу «жол картасын» ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн модели сунушталды, ага эки багыт киргизилген:
– мамлекеттик башкаруунун жаңыланган тутуму, ал бийликтин таасирдүү вертикалын түзөт;
– жаңы администратиивдик-аймактык бөлүштүрүү башкаруу тутумун реформалоону ишке ашырат. Ошону менен бирге башкаруучулук реформа  административдик түзүлүштөрдүн чек араларына карата баштапкы жана башкы милдет болуп саналат.
Жыйындын жүрүшүндө административдик-аймактык түзүлүштүн жаңыланган долбоорун даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү учурунда келип чыккан суроолор талкууланды.
Долбоордун бет ачарынын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул жумушчу топтун кийинки жыйынына райондук деңгээлдеги административдик-аймактык түзүлүштүн жаңыланган долбоорун даярдоону сунуштады.
Ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрүнө министрликтердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлери менен биргеликте жакын арада жер-жерлерде мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын жана түзүлүштөрүн тыкыр талдоо жүргүзүү максатында республиканын аймактарына сапар уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн моделинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча тиешелүү сунуштарды иштөө тапшырылды.
Ушуну менен бирге бул сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн долбоорун толуктап иштеп чыгуу тапшырылды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды