Бардык жаңылыктар

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Курсан Асанов жана Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту


Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө алар 7-8-августунда Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асель Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жолугушууга катыша алган эмес.

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу киргизилген, алар: коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды