Бардык жаңылыктар

Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү президент менен жолугат

2010-жылдын апрель окуясын кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бейформал чөйрөдө чогулушту. Алар ишемби күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну пландап жатышат.

Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү үй камагына чыккан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен учурашып, өлкөдөгү саясий абал жөнүндө пикир алышканын маалымдашты. 2010-жылдагы окуялардан кийин мамлекетти башкарыш үчүн түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн бул жолугушуусу алардын саясий күч катары салмагы, таасири боюнча кеп козгоого себеп болду.

Бул арада, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн Президент Сооронбай Жээнбеков  мамлекеттик резиденцияга чакырганы маалым болду.

Жолугушуу 14-сентябрда саат 17.00дө башталат. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына убактылуу өкмөттүн баардык мүчөлөрү чакырылган.

Белгилей кетсек, Убактылуу өкмөттүн курамына  Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмурбек Текебаев, Темир Сариев, Кенешбек Дуйшебаев, Азимбек Бекназаров, Эмильбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Дуйшенкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев жана Исмаил Исаков кирет. Жолугушууга экс-ажо Алмазбек Атамбаев гана бара албайт.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды