Бардык жаңылыктар

Жаӊы депутат Бектен Сыдыгалиев парламентте ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында  депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаедин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жалпы депутаттардын атынан Бектен Сыдыгалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.

Бектен Сыдыгалиев жогорку билимдүү, буга чейин Улуттук коопсуздук тармагында ар кандай жооптуу кызматтарды иштеп келген.

Белгилей кетсек, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды