Бардык жаңылыктар

Абакты Абдылдаев дагы “аттайбы”?

Бүтпөгөн ЖЭБдин “чырлуу” иши боюнча мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы суракка чакыртылды. Бишкектин Свердлов райондук сотунда кечээ ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланган. Бул тууралуу камактагы Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Териштирүү учурунда Абдылдаевге тергөөчүлөр тарабынан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде Соода экономикалык маселелер боюнча бөлүм боюнча суроо салышкан. Эрлан Абдылдаевге ушул бөлүмдүн Кыргызстандын президентинин аппаратына, башка министрликтерге «ЖЭБди оңдоого ТВЕА компаниясын гана сунуш кылабыз” деп жиберген каттары боюнча суроолор берилип «Бул каттар Кытай өкмөтүнүн позициясын көрсөтөбү?» деген суроолорго Эрлан Абдылдаев “ооба” деп жооп узаткан. “Ооба” дегени моюнга алгандык болуп чыгабы же ал дагы кайсыл бир жогорку чиновниктин тапшырмасы болуп бүтөбү, ал тергөө иштери аяктагандан кийин билинээр. Ошентсе да, алынган акчалар Кытай тараптан болгондуктан ал түздөн-түз ошол кездеги тышкы иштер министрлигинин катышуусунда болушу толук ыктымал. Демек, Абдылдаевдин да абалы арсар болуп турганы чындык. Азыркы учурда, андан жогорку кызматта турган ал кездеги өкмөт башы Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштап, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын  мурдагы төрагасы Айбек  Калиевдер төштөп абакта  экени белгилүү эмеспи.

Булак: «Факты.kg»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды