Бардык жаңылыктар

Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: Балдарга окуганга шарт түзбөсөк болбойт!

Билим күнүн утурлай Нарын районунун Кеңеш айылындагы мектеп авариялык абалда болгондуктан, окуучулар үчүн мобилдик мектеп, тагыраагы, контейнерден 6 мектеп ачылды. Ачылышка барган чиновниктер сынга кабылып, коомчулук талкуулап бүтпөй жатат. Бирок, маселени айла жоктун иши экенин белгилегендер да бар. Депутат Алтынбек Жунус уулу балдардын авариялык абалдагы кулайын (!) деген мектепте окуткандан көрө, контейнер болсо да коопсуз окутууну туура катары эсептейт. Депутат мырза мындан тышкары, интернетте талкууланып жаткан актуалдуу экинчи тема – мыкаачылык менен мушташкан окуя тууралуу да пикирин айтты.

– Алтынбек мырза, Нарындагы контейнер мектеп соцтармактарда сынга алынып жатат. “Нарындан чыккан тыңчыкмалар мектеп куруп бергенге жарабайбы?” дешүүдө айрымдар. Мемге айланган жагдай тууралуу эмне айта аласыз?

– Мектептердин жетишпестиги бир гана Нарындын Кеңеш айылында эле эмес, республика боюнча бар. Эң өкүнүчтүүсү, ал мектеп авариялык абалда көп жыл тургандыгы. Тросс менен тартып коюп, бир нече жылдар ошол мектепте балдарды окутуп келишти. Эми гана ӨКМ “окуганга болбойт” деп бүтүм чыгарып, аргасыздан контейнер мектепке окутууга мажбур болушту. Жалпы Нарын облусуна республиканын башка облустарына бөлүнгөндөй эле акча бөлүнөт. Бирок, айрым облустарда каражат бар. Мисалы, Ысык-Көлдө Кумтөрдөн жылына 500 млн. сом каражат түшөт. Акыркы жылдары бул облуста 28 мектеп салынганын губернатор айтты. Жалал-Абад, Ош ж.б. облустарда, Бишкекте мектептер салынып жатат. Негизи тоолуу региондордогу социалдык объектилер маселесин башкалардан бөлүп, биринчи чечиш керек (!) деп сунуш айтат элем. «Контейнерден мектеп ачтым деген уялчу, намыстанчу нерсе эмес. Контейнерлердин ичин жылуулап, ичи-тышын жылтыратып, жаңылап, шарттарды түзүп алгандар бар. Жаңы мектеп салынып бүткүчө балдар окуп турушу керек да. Там түшүп, басып калганга чейин балдарды кармаган болбойт го. Өмүрүнө коркунуч туулат. Эмнеге контейнерде убактылуу окутуп турганга болбосун? Мен дагы интернетте сөз болуп жаткан мектептин «жаңысын куруп, эртелеткиле» деп өкмөткө да айтам. Бир нерсени айта кетейин, эгемендик алган 28 жылдан бери Нарын облусунун райондорун, айылдарын айтпай эле коёюн, Нарын шаарынын өзүнө жаңы мектеп салынбаптыр. 90-жылдары союз тарап жатканда, дүкөндү, же башка имараттарды жаңылап-жаскап мектеп кылып алышкан. Эми азыр балдар батпай жатышат. Бюджетти бөлүштүргөндө, дотациялык облусту эске алып, тең көңүл буруш керектигин белгилейм. Эртең эле октябрь келет, Нарынга суук түшөт, от жагыш керек. Балдарга окуганга шарт түзбөсөк болбойт.

-Мыкаачылык менен мушташкан видео интернетке тарап, чоң талкууга жем таштады. Милициянын “черныйларды” коргоп, адам өлтүргөнгө тете мушташты жаап-жашырып койгонуна кандай карайсыз? Бул окуяны “милиция менен черныйлардын биргелешкен иши” деп баа берсек болобу?

– Соцтармактардан көрдүм мушташты. Чыдап араң көрдүм. Айбандар деле мынчалык мыкаачылык кылбаса керек. Мындай адамдар коомчулук үчүн өтө коркунучтуу. Аларды камаш керек. Акыркы мыйзамда гуманизация болуп, коомчулук бизге кайрылып атат. Мындай кылмышкерлер арабызда жүргөндүн өзү коркунучтуу, аларга катуу жаза көрүлүш керек. Министрдин айтканы боюнча, милицияда туугандары бар экен алардын. Бул иш ушул бойдон калбайт. Кылдат карап, кимдин тууганы, эмнеге ишти жабат, эмнеге качырат, анан эмнеге кеч издөө салат, дагы көтөрөбүз. Сөзсүз түрдө тийешелүү жетекчилер жоопко тартылат. Бул балдар мындай итчиликти буга чейин деле кылып келишиптир, иштерин милициядагы тууганы жаап коюп жүрүптүр. Мындан ары мындайга жол берилбейт!

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды