Бардык жаңылыктар

Темир САРИЕВ: «Ысык-Көлдүн адам аңдабаган касиеттери, сырлары көп»

Коомдук ишмер, мурунку премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көлдүн аркы жээгинен берки жээгине (тактап айтканда, түштүк жагынан Кара-Талаа айылынан берки жагы Тору-Айгырга чейин 14 км 700 метр аралык) сүзүп келди. Эмне кыйынчылыктар болгонун, канча убакыттын ичинде келгенин, эмне максатта бул иш-чарага катышканын айтып берди.

– Темир мырза, көлдүн аркы жээгинен берки жээгине бир гана «Тору айгыр» деген аргымак сүзүп өткөнү тууралуу уламыш айтылып келген эле. Ал эми досторуңуз тамашалап, «Темир Тынч океанды сүзүп өтүптүр» деп атышат...

– Ошол досторума айтып коёюн, биз үчүн Ысык-Көл баардык океанды басып өтөт! Ооба, түштүк жагындагы Кара-Талаа айылынан түндүк жагындагы Тору-Айгыр айылына чейин жалпы жонунан 14,7 километр аралыкты классика стилинде сууда сүзүп келдим. 25 адам башында катталып, анын ичинен 22 адамы наркы жээктен берки жээкти көздөй бет алдык. Орто жолдон беш адам сууда сүзүүсүн токтотту. 17 адам бул аралыкты багынттык. Арасында кесипкөй (профессионал) суучулдар жана ышкыбоздор (любителдер) да болду. Бул иш-чарага коңшу Казакстан жана Россия мамлекетинен келип катышты. Ал эми бизден менден тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Турусбеков эки баласы менен катышты. Алар абдан тың, спортко такшалган балдар экен.

– Жөнөкөй адам сууда сүзмөк тургай 15 чакырым аралыкты жөө басып өткөнү кыйынчылык жаратат эмеспи. Кандай тоскоолдуктар болду?

– Сүзүп келатканда толкун урат экен. Бул жөнүндө да өзүнчө токтолом... Ысык-Көл десе эле биз жээгине жай мезгилинде келип, ысык кумуна оонап, жылуу суусуна түшүп, кээде катерине, кээде теплоходуна түшүп коюп кетип калабыз да. А жанагындай 14-15 километрди сүзгөндөр (меники 15,2 километр болду), мисалы, биз түштүк жагынан чыкканда Балыкчыдан Караколду көздөй аябай катуу толкун болуп аткан. Биртике сүзгөндөн кийин чоң агымга туш болдук. Дагы бир аз барганда бир-бир жарым метрлик чоң толкун башталды. Иш-чаранын уюштуруучулары чочулап, токтотуп коё жаздашты. Суунун температурасы да өзгөрүп турат экен. Бирде жылуу, бирде мупмуздак болуп. Тору-Айгырга болжол менен 5 километрдей калганда Чолпон-Ата жактан Балыкчыны көздөй агымды сездим. Толкун менен күрөшкөнүң аз келгенсип, агым менен да күрөшүп калат экенсиң.

– Мен билгенден бул иш-чара үчүнчү жолу болуп атса керек?

– Ооба, башында катышуучулардан экөө гана болгон. Былтыр алты адам катышып, үчөө сүзүп чыгыптыр. Быйыл 22 адам сүздү, анын ичинен алтоо жетпей калды.

– Бул иш-чарага катышууда алдыңызга максат койдуңуз беле?

– Биринчиден, мындай иш-чара бүткүл дүйнө жүзүндө болуп келет. «Босфорду сүзүп өтүү», «Байкалды сүзүп өтүү» ж.б. деп. Менин максатым Ысык-Көлдү даңазалоо, коомчулуктун көңүлүн буруу. Экинчиден, Ысык-Көлдү коргоо, ыраатсыз жайган торлор, браконьерлик, жырткычтык менен күрөшүү. Үчүнчүдөн, Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын жогорулатуу, эң негизгиси, жаштарга үлгү болуу. Чындап келсе, ушул иш-чарага катышкандардын эң улуусу мен экенмин (56 жашта). Төртүнчү максатым – суу менен жана өзүм менен күрөшүү болду. Болжолумда, аркы жээк менен берки жээктин ортосуна келгенде деңиздин ортосунда жалгыз калдым. Алдыга кеткендери, артта калгандары көрүнбөй, горизонтто деңиз жана мен. Сөз менен айтып жеткире алгыс рахат алдым. Аны сүрөттөө да мүмкүн эмес.

– Суучулдардын коопсуздугу кандай болду?

– Уюштуруучулардын тартиби боюнча эң ириде ар бир суучулдун коопсуздугу биринчи орунда турат экен. Ар бирөөнүн артында буй байланат. Ар бирөөнүн жанында бирден кайыкчан сүзүп жүрөт. 4-5 метр аралыкта. Ага жакындап же кайыгына жөлөнгөнгө тыюу салынган. Ал жөн гана сага көз салып жүрөт. Буйдун ичинде шам-шум этип алганга атайын шарттагы гелдер, паста сымалдар болот экен.

– Негизи тиги жээктен бу жээкке канча убакытта сүзүп өтүш керек экен, чек барбы?

– Чек бар. Уюштуруучулар максимум сегиз саат коюптур. Толкунду, суу алдындагы агымдарды, шамалды эске алышыптыр. Эң биринчи болуп Бакыт Турусбековдун кичүү уулу, сууда сүзүү боюнча спорттун чебери беш саатка жетпей келди. Калгандарыбыз беш сааттан өтүп, алты сааттын чамасында келдик. Меники алты саат жыйырма мүнөт болду.

– Бул иш-чарага атайын даярдык көргөнсүзбү же?..

– Жарым жылча даярдык көрдүм. Акыркы 15 күндө атайын Ысык-Көлгө келип кыргыз деңизин жиреп, бир аз машыктым.

– Кийимдери тууралуу бир-эки ооз сөз...

– Гидрокостюм болуусу абзел. Ал дененин жылуулугун сыртка чыгарбай, бир калыпта кармап турат. Жалгыз Казакстандан келген суучул аялга гидрокостюму жок сүзгөнгө уруксат берди. Калгандарыбыздыкы бирдей болду.

– Суучулдардын арасынан ким эмнени байкаптыр?

– Москвадан келген суучул өзү машыктыруучу болуп иштейт экен. Мына ошол аял «биз сүзүп өткөн Ысык-Көлдүн кесиндисинде Бермуд үч бурчутугу бар экен» деп айтып берди. А чынында Ысык-Көлдүн адам аңдабаган, маани бербеген касиеттери, сырлары көп.

– Бир чоң сыноодон өттүңүз, эмки кезек каякты мелжеп турасыз?

– Туура айтасың, Суке. Чоң сыноодон өттүм, тажрыйба бар. Мүмкүн Босфор же дагы андан татаалырак жагын багынтабыз... аны убакыт көргөзөт.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ,
«Азия Ньюс» гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды