Бардык жаңылыктар

Айыл-чарбаны тескеген Эркинбек Чодуевдин «чудолору» чубалууда, буга чара кɵрүлɵбү?

«Ɵгүз ɵлбɵсүн, араба сынбасын» деген ɵлɵрман саясатты карманган бүгүнкү ɵкмɵт кадр саясатынан аябагандай аксап жатканын кɵрүүдɵбүз. Айга-күнгɵ теңеп жатып жетекчи кызматтарга кондурган адамдары эки күн иштей электе ишпалдасы чыгып, башкарган тармагын сазга батырууда. Алыс барбай, эки ай мурун Айыл чарба министрлигине дайындалган Чодуевге үңүлсɵк, элдин итиркейин келтирген жагдайга кептелди. 

Жогорку Кеңештин тɵрүндɵ Ɵкмɵт башчысы жерге-сууга тийгизбей байдын кызындай шалпактатып мактап жатып Айыл-чарба министрлигине алып келген Эркинбек Чодуев жергиликтүү дыйкандар ɵндүргɵн жашылча-жемиштер менен фермерлер ɵндүргɵн эт жана сүт азыктарын кантип экспорттоо керектигине баш катырбастан, кунары кетип калса дагы канча жылдан бери бир тɵшɵктүн ичинде коюн-колтук алышып, буркураган жыттары сиңишип калган «кɵңүлдɵшүн» чет ɵлкɵгɵ тайраңдатканы жатканы ачыкка чыгып кетти. Болгондо дагы мамлекеттин эсебинен чыгарганы турганда билинди. Чодуевди жакындан билгендер социалдык желеде пикирин чыгарып, Чодуев кылыгы күчтүү «кɵңүлдɵшүнүн» куштай назик кɵңүлүн кɵтɵрүү үчүн бир жыл ичинде 8 ирет чет ɵлкɵдɵ эс алдырып, Россия, Япония, Казакстан, Кытай, Швеция ж.б. шапар тептирип келген, аны текшерсе чыгат дешүүдɵ. Айтор, кɵзү үлүрɵйгɵн Чодуев деген чунак кишинин ɵнɵрү күч экен, Айыл-чарба министринин экспорт бɵлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева менен «ысык» мамиледе экени бүткүл элге даңазаланды. 

Аталган ишти атайын түзүлгɵн комиссия иликтемиш этип, күнɵɵнү кадр секторуна тɵңкɵргɵнгɵ аракеттеништи. Бирок, кандай болгон күндɵ дагы министрдин орун басары А.Исаев Кытайга бара турган киши Анаркүл Беккулиева экенин тастыктаган маалым катты кадр секторуна жибергени аныкталды. Алар фирмалык бланк менен жарманкенин уюштуруу комитетине жɵнɵткɵнү билинди. Муну Башкы прокуратура дагы тастыктап, Кытайга жɵнɵмɵкчү болгон бɵлүм башчы Анаркүл Беккулиеванын ишинде эки мыйзам бузууну чукуп чыкты. Ага ылайык, Беккулиеванын ээлеген кызматы министрдин орун басарынын деңгээлинде эместиги жана Кыргызстандын «Мамлекеттик органдардын тышкы саясат тармагындагы ɵз ара байланышы жɵнүндɵгү» мыйзамдын талаптары бузулганы аныкталган. Тагыраагы, сүйлɵшүү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу эмес, иш-чара ɵткɵрɵ турчу жак менен түзмɵ-түз жүргүзүлгɵн. Мындан улам Башкы прокуратура премьер-министрдин атына мыйзам бузууларды оңдоо жана күнɵɵлүү тараптарды жоопкерчиликке тартуу керектиги боюнча кат жɵнɵткɵн.

Тилекке каршы, прокуратуранын каты жада калса ачылбаган бойдон чаң баскан архивге кетти. «Кɵңүлдɵшүн» Кытайда шапар тептирүүгɵ аракеттенген Чодуевге жана анын тапшырмасын аткарган кызматкерлерге эч кандай чара кɵрүлгɵн жок. Чырлуу ишти бүт ресурсту колдонуу менен жең ичинен бүтүрүп, кызматтык иште жаралган «сүйүү» романын былк эттирбей басканга жетишти. Бетине кɵɵ жапкан бул осол иште орун басары А.Исаевдин ɵзгɵчɵ пайдасы тийип, жан коруш болгону айтылат. Кɵрсɵ, ɵкмɵт жетекчиси М.Абылгазиев чунаңдаган Чодуевдин орун басары Исаевдин карачечекей досу, жакын группалашы экен. «Ойнош деген оттон ысык, бирок боктон сасык» деген иште бул достукту Эркинбек мырза «жүда-а» жакшы пайдаланыптыр. Албетте, ар кандай амал-айла менен кутулуп кеткен күндɵ дагы бул ɵмүр бою айтылып кала бере турган шермендечилик экенин эсине түйүп койгубуз келет. Ɵкмɵт башчысы белден ɵйдɵ ойлоно албаган итпейил адамдарды талтаңдатканды токтотуп, прокуратуранын катына тыянак чыгарып, тез арада чара кɵрүшү керек. 

Баса, «кɵңүлдɵшүн» чет ɵлкɵлɵрдɵ сайрандатып жүргɵн Чодуевдин буга чейин басып ɵткɵн жолу да жалаң «кирге» толуп калыптыр. Мунун баарын текшербей туруп ɵкмɵт башчысы ЖоКенин тɵрүндɵ кайсы бети менен мактаганына түшүнбɵй турабыз. Же бул кызталак премьер-министрди бал тили менен азгырып, «алакан» ушаламай оюну менен кɵз жазгырганбы? Дегенибиз, Чодуев министрликтин босогосун аттанганга чейин эле алдамчылык менен миллиондорду «сугунуп», артынан кылмыш иштери козголгон экен. Маселен, Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» фирмасынын бир миллион долларын Эркинбек Чодуев менен А.Салахуддинов жеп кеткени аныкталып, 2011-жылы 17-мартта Ош облусунун ИИМи тарабынан иш коголгон. Ал №95-11-514 менен катталган. 2015-жылы 30-июлда милициянын подполковниги А.Асылбеков иш тергелип жатканы айтып, 1500 тонна пахта берүүнү убадалап ири суммадагы акча кымыргандарга жакынкы аралыкта укуктук баа берилери белгиленген.    

Ошого катар 2017-жылдын 13-майында Жалал-Абад областындагы райондор аралык сотунун чечими чыгып, «Коттон Оушен» фирмасы ири суммадагы чыгаша тартканы судья Б.О.Мажитов тарабынан белгиленген. Ал чечимде кɵрсɵтүлгɵн каражаттар, 24 723 013 сом, 15 000 000 сом, 2 750 406 сом деп жазылып, Чодуев жетектеген «Лиматекс» пахта корпорациясынын банктагы эсептери тоңдурулган. Кошумчалай кетсек, соттук чечимде аудитордук текшерүү дагы алдамчылыкты аныктаганын белгилеген. Кыскасы, Чодуев «Коттон Оушен» компаниясын сызга отургузуп кеткени сот тарабынан да аныкталган. Бирок, адаттагыдай бийлик башындагылар кɵрмɵксɵнгɵ салып, тепкичтен тепкичке кɵтɵрүп жүрүп отуруп, министрликке жеткирген. Соттук иштер аткарылбай, кылмыш иштери кыскартылып кайра жандандырылып, оюнчукка айланган. Бүгүнкү күнгɵ чейин кулминациялык чекитине жетпей, талаш-тартыштын айланасында келүүдɵ. Буга ким күнɵɵлүү? Ачыкка чыккандан кийин чара кɵрүлɵбү же баягыдай карга карганын кɵзүн чукубайт болуп кала береби?

Эске сала кетчү жагдай, «Коттон Оушендин» 1 миллион долларын кымырып кеткен «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясы Бакиевдин маалында «Ак жол» фракциясынан депутат болгон Жалолиддин Салохиддинов деген сепаратист тарабынан негизделген. Ал нойон 2010-жылдагы Оштогу июнь коогалаңында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов менен бирге ɵлкɵдɵн качып чыгып кеткен. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Жикчилдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон эле. Ал качкандан кийин «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясынын аталышы «Актекс» болуп ɵзгɵрүп, жетекчилери алмашкан. Кызыгы, Жалолиддин Салохиддиновго караштуу деп айтылып келген «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясы Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдирасуловдун мүлкү сыяктуу соттун чечими менен мамлекеттештирилген объектилердин тизмесине киргизилген эмес. Бул жерде дагы чоң былык жатат.

«Коттон Оушен» фирмасынын директору Замира Ибрагимова ММК булактарынан: «Бул киши ошол кезде компаниянын директору болуп турганда акчаны алып, ɵз колу менен квитанция жазып берген. Биз бул акчаны пахтаны даярдап берүү боюнча келишимдин негизинде бергенбиз. Анда бул киши «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясынын аткаруучу директору болуп турган. Биз пахтаны тазалап берүү жана пахта даярдоо боюнча келишимге келип, акчаны эсепкана аркылуу ɵткɵрүп бергенбиз. Бирок бул киши сезон бүткɵндɵн кийин пахта даярдап берүү боюнча ɵзүнɵ алган милдеттенмени аткарбай койгон. Ошентип акча бул кишиде калып кетти. Бизде муну тастыктай турган банк кɵчүрмɵлɵрү, акча алынганы тууралуу квитанциялар жана эки тараптуу кол коюлган келишим сыяктуу бардык документтер бар. Бул адам кийинки сезондо пахта даярдап берүүгɵ убада берип, бирок ошондон кийин да акчаны тɵлɵгүсү келбей, андан ары бизден качып, эч эле кɵрүнбɵй койду. 2010-жылы кандуу окуя болуп кетти. Акча ошол бойдон берилбей калды. Биз 2011-жылы арыз жазып, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон» деди.

Бүгүн бүт документтерди, квитанцияларды так далил менен кɵрсɵткɵн «Коттон Оушен» фирмасынын директору Замира Ибрагимова бекем кɵшɵрүп, Чодуев жеп кеткен миллион долларды текшерүүнү бийликтен ɵтүнүүдɵ. Окуянын чоо-жайына токтоло кетсек, Эркинбек Чодуев «Хлопковая корпорация Лиматекс» ЖЧКсын башкарып турган маалда «Коттон Оушен» фирмасы пахта даярдап берем деп 1 миллион 500 000 доллар алган экен, Чодуев бардык талаптарды аткарууга ант ичип, тилекке каршы аягында 1 миллион долларлык пахтаны кайтарбай куйругун түйүп качып кеткен. «Коттон Оушен» укук коргоо органдарына кайрылып, кылмыш ишти козготкон, алар улам кыскартылып аягына чыккан эмес. Министрдин орун басары болуп турганда дагы козголуп, бирок «бармак басты кɵз кысты» менен бүтүп кеткени айтылат. Айтор, «аферисттик» жол менен байыган эргул акчанын күчү менен министрликти баса жыгылып, ал жерде кɵңүлдɵш күтүп, мамлекетти башына кийип отурган кези. Негизи мындай адам бир тармактын башында эмес, түрмɵнүн тɵрүндɵ отурушу керек эле. 

Камчы Кадыров
Булак:Де-Факто

 



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды