Бардык жаңылыктар

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Ак-Тилек автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын унаа каражаттарын салмактык көзөмөлдөө динамикалык тутумун орнотуунун жүрүшү менен таанышты.

Вице-премьер-министр коюлган жабдууларды, фото жана видеобайкоо камераларын көрүп чыкты, ошондой эле унаа көзөмөлдөө жана товарларды каттоо жайынын иши менен таанышты.

Жеңиш Разаков тиешелүү мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде постто салмак көзөмөлдөө тутумун толук ишке киргизүүнү тапшырды.

«Автоматташтырылган салмак көзөмөлдөөчү тутумдун динамикалык системасынын биз үчүн мааниси чоң. Кыймылдагы тарнспорт каражаттарын таразалоого жана көрсөтүлгөн салмактан ашкан унааларды аныктоого шарт түзөт. Система толук кандуу иштеп кетиши керек жана борбордук серверге  кошумча маалыматтарды жиберип турушу зарыл. Бул ЕАЭБдин аймагынан товарды, жүктү ташуу, алып өтүү процессин толук башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Системанын алкагында 10 министрлик өз ара аракеттенишээрин эске алуу менен, иштин тийиштүү регламенти бекитилиши керек», – деди.

Вице-премьер-министр ошондой эле товарды каттоонун стационардык-сервистик пунктунун курулушу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо ишин жана буга байланыштуу каражат бөлүү маселесин тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле бул автоматташтырылган системаны Транспорт жана жолдор министрлиги Өкмөткө караштуу Салык кызматынын базасы менен бириктирүү тапшырылды.

Тутум менен таанышуу маалында кимдир бирөөлөр тарабынан буга чейин коюлган электрондук табло, металл тосмо талкаланганы, камераларды бүлүндүрүү аракети болгону белгиленди. Учурда бул фактыны текшерүү иши жүрүүдө.

«Автожолдун ушул тилкесиндеги жабдууларын кайтарууну камсыздоо жана жол кыймылынын эрежелери сактоо керек», – деди Жеңиш Разаков.

Маалымдама:

Транспорт жана жолдор министрлиги Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган «Борбор Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу боюнча Программанын биринчи фазасы» долбоорунун алкагында  2017-жылы «Сосновка» жана «Кемин» өткөрмө пункттарына орнотуу үчүн унаа каражаттарын салмактык көзөмөлдөөнүн динамикалуу тутумун сатып алган.

Бүгүнкү күнү система «Кемин» жана «Сосновка» салмак көзөмөлдөө пункттарында, Каратай, Жаңы-Арык жана Көк-Талаа постторунда иштейт, жабдуулар «Ак-Тилек автожолу» жана «Чалдыбар автожолу» постторунда орнотулду.

Жаңы тутумдун өзгөчөлүгү катары унаа кыймылы учурунда жол бетине коюлган атайын жабдыктар унаанын түрүн, дөңгөлөктүн огун, унаа каражатынын номерин, анын салмагын жана дөңгөлөктүн огундагы жүктүн салмагын автоматтык түрдө аныктайт. Маалыматтар топтолгон соң, система унаа каражаты тууралуу алынган маалыматтарды операторго берет. Анын негизинде оператор тиешелүү аракет көрөт. Тутум аркылуу алынган маалыматтар автоматтык түрдө сакталат жана борбордук серверге жөнөтүлөт.

Заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгы жүк ашыкча же туура эмес жүктөлгөн унаалар жол бетине зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу. Бул өз кезегинде жолдорду оңдоого кымбат баалуу инвестицияларды талап кылат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды