Бардык жаңылыктар

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына барды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына (РОРОЖ) барды.

Окуу жайдын директору Кадырбек Эргешов вице-премьер-министрге аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын маалыматына караганда, 2019-жылы РОРОЖго кошумча 48,8 млн сом бөлүнгөн жана каражаттар жатакананы, окуу жана спорттук комплекстерди капиталдык оңдоого багытталган.

Алтынай Өмүрбекова оңдолуп жаткан объекттерди көрүп чыгып, окуу класстары, окуу жайдын тарбиялануучулары машыккан күрөш жана бокс спорттук залдары менен таанышты.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күнү РОРОЖ таланттуу спортчуларды тарбиялап жатат. Алар эл аралык аренада ийгиликтерге жетишүүдө. Бирок тарбиялануучулардын жалпы билим деңгээлин жогорулатуу зарыл. Анын пикиринде, Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы спортко жана билим берүүгө басым жасаган этиталык окуу жай болушу керек.

Алтынай Өмүрбекова окуу жайдын өзгөчөлүгүн эске алуу менен билим берүү программасын жана спортчуларды даярдоо тутумун өркүндөтүү зарылдыгын көрсөттү.

«РОРОЖнын тарбиялануучулары сапаттуу билим алып, ар тараптуу өнүгүп, заманбап технологияларды өздөштүрүү мүмкүндүгүнө ээ болуулары керек. окуу жайдын жетекчилиги бул үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө тийиш. Өлкөдө билим берүүнүн сапатын өркүндөтүү Өкмөттүн ишинин артычылыктары», – деди вице-премьер-министр.

Кадырбек Эргешов бул жайдын окуу-материалдык базасын жана спорттук шаймандарды жаңылоого кошумча каражат бөлүүнү өтүндү.

Вице-премьер-министр Өкмөт окуу жайдын тарбиялануучуларынын тамактануусуна бөлүнүүчү акчанын көлөмүн көбөйтүү,  билимдин сапатын жогорулатуу үчүн окуу-материалдык базаны жакшыртууга акча бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Алтынай Өмүрбекова мындан тышкары бардык оңдоп-түздөө иштерин өз учурунда бүтүрүү жанат окуу жайдын айланасын жакшыртуу  боюнча тапшырма берди.


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды