Бардык жаңылыктар

Кыргыз-өзбек башкы дипломаттары талкуу жараткан видеокайрылуу боюнча сүйлөштү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов телефон аркылуу сүйлөшүп, буга чейин талкуу жараткан өзбек спортчусунун видеокайрылуусу боюнча сүйлөштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн башкы дипломаттары жаралган кырдаалды калыс изилдөө максатында көзөмөлдөөнү макулдашты.

18-августта Кара-Суу шаарында кулатуу боюнча эл аралык мелдеш өткөн. Ага катышкан өзбекстандык спортчу Нурсултан Рузибоев мелдештин жыйынтыгына нааразы болуп, түз эфирде кыргызстандыктарга сын айткан. Ал мелдештин калысынын рингден Өзбекстандын желегин ыргытып жибергенине нааразы болгон.

Бул Кыргызстанда бир топ нааразылыктарды жараткан. Бул боюнча Ош облустук милициясы Жазык кодексинин “Улут аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча текшерүү баштаганын жарыялаган. Кийин Рузибоев видеокайрылууда айткан сөздөрү жалпы кыргызстандыктарга эмес, мелдештин катышуучуларына багытталганын билдирген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды