Бардык жаңылыктар

Волейбол: Кыргызстан Азия чемпионатынын финалына чыкты

Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушул тапта Непалдын Катманду шаарында өтүп жатат.

Өлкөнүн Волейбол федерациясынан билдиргендей, Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 (25-17; 25-18; 25-22) эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Финалдык бетттеште Кыргызстан Өзбекстан курама командасы менен беттешет. Оюн 23-августта өтөт.

Буга чейин Кыргызстан курама командасы үй ээси Непалды 3:0, Мальдив аралдарынын курама тобун 3:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып жатат. Алар өз ара эки тайпага бөлүнүп ойноду. Кыргызстан «А» тайпасында Непал жана Мальдив аралдарынын курама топтору менен ойноду. «Б» тайпасында Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Бангладеш жана Афганстандын курама командалары болгон.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды