Бардык жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» Коомдук Фонду түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» Коомдук Фонду түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ушул токтомдун долбоорунун максаты жана милдети болуп адамдык капиталды өнүктүрүүгө, ошондой эле региондордо ишканаларды түзүү жана колдоо материалдык–техникалык базаны чыңдоо максатында «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» Коомдук Фондун түзүү болуп саналат.

2017-жылдын сентябрында кол коюлган Стратегиялык макулдашуунун алкагында «Центерра Голд Инк.» компаниясы жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди, ошондой эле региондорду өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды колдоону өзүнө алат.

Түзүлгөн фонд региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү инвестициялык долбоорлорго, эко-туризмди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган иш чараларды жана долбоорлорду каржылайт жана колдойт. Өзгөчө, региондордо жаңы ишканаларды түзүүгө жана колдоого, экспортко багытталган өндүрүштү колдоого, инновациялык технологияларга, кайра жаралууэнергия булактарына, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана куроо өндүрүшүнө көңүл бөлүнөт.

Макулдашуулардын алкагында Фонддун пайдасына бир нече транш менен 10,0 млн АКШ долларынын түшүүсү, ошондой эле жылдык жалпы кирешеден 0,4 пайыз өлчөмүндө жыл сайын түшүүлөр пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу кандайдыр-бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мындан тышкары финансы каржаттарынын келип түшүүсү «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому тарабынан жүргүзүлөт. Ошондуктан республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды тартпайт.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды