Бардык жаңылыктар

«Академия-Лидер» футбол командасы кырсыкка кабылып, бир оюнчу мерт болду

Кыргызстандын премьер-лигасында ойногон «Академия-Лидер» футбол командасы бүгүн, 22-августта Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылып, бир оюнчу мерт болду. Маалыматты Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова тастыктады.

Федерациядан алынган маалыматка караганда, футболчулар бара жаткан автобус жеңил автоунаа менен кагылышкан. Кырсыктан команданын 22 жаштагы оюнчусу каза тапкан. Бир футболчу ооруканага жаткырылган. Автобуста 14 оюнчу, машыктыруучу жана команданын администратору болгону айтылууда.

«Академия-Лидер» клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги айлампасында Оштун «Алай» клубу менен 21-августта беттешип, кайра Бишкекке келе жаткан.

«Академия-Лидер» футболдук клубу 2018-жылы НТС телеканалында эфирге чыккан «Лидер» теледолбоору аяктагандан кийин негизделген. 2019-жылдан тартып Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган кыргыз премьер-лигасында ойнойт. 17-турдагы оюндан кийин «Академия-Лидер» 8 упай менен 8-катарда келе жатат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды