Бардык жаңылыктар

Волейбол: Кыргызстан Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты



Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын жарым финалына чыкты. Мелдеш ушул тапта Непалдын Катманду шаарында өтүп жатат.

Өлкөнүн Волейбол федерациясынын басма сөз катчысы Бакыт Шүкүралиев «Азаттыкка» билдиргендей, Кыргызстандын курама командасы 20-августа Мальдив аралдарынын курама командасы менен ойноп, жыйынтыгында 3:0 (25-15; 26:24; 25-19) эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасына жарым финалга чыгууга жол ачты.

Буга чейин Кыргызстандын курама командасы талаа ээси Непалды 3:0 эсебинде уткан.

Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатына жети курама команда катышып жатат. Алар өз ара эки тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан «А» тайпасында Непал жана Мальдив аралдарынын курама топтору менен ойнойт. «Б» тайпасында Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Бангладеш менен Ооганстандын курама командалары бар.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды