Бардык жаңылыктар

Иран АКШга мунай танкерин кармабашы керектигин эскертти

Тегеран Вашингтонго жекшемби кечинде Гибралтардан чыгып, Грекиянын Каламата портун көздөй бараткан Grace 1 үлгүсүндөгү иран супертанкерин кармабашы керектигин эскертти.

Маалыматтарга караганда, танкердин бортунда эки миллион баррелден ашык чийки мунай жана дээрлик миллион долларга жеткен акча бар. Grace 1 «Европа Биримдигинин санкциясын бузуп Сирияга мунай ташып бараткан» деген шек менен Улуу Британия бийлиги тарабынан 4-июлда кармалган. Андан эки апта өткөндөн кийин Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгында Британиянын Stena Impero аттуу танкерин кармап, ал сууда жүрүүнүн эл аралык эрежелерин бузганын билдирген.

АКШ иран танкеринин камак мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүчүн четке каккан Гибралтардын чечимине өкүнүчүн билдирди. Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги аталган танкерди камакка алуу боюнча ордерди 16-августта жарыялаган. Анда Иран эл аралык санкциялар менен Сирияга мунай жеткирүүгө салынган тыюуну кыйгап өтүү үчүн америкалык каржы системасын «мыйзамсыз колдонуп жатканы» жазылган. Мындан тышкары анда Тегеран антитеррористтик жана акчанын изин жашыруу тууралуу мыйзамдарды бузуп жаткандыгы көрсөтүлгөн. Быйыл апрелде АКШ Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизген.

Каламата порту танкер убактылуу кире турган жер катары гана көрсөтүлгөн. Тегеран санкцияларга байланыштуу танкер токтой турган акыркы чекитти айтуудан баш тартууда. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Хельсинкидеги мааалымат жыйында АКШ Ирандын мунайын сатып алууну каалаган өлкөлөрдү коркутууга аракет кылып жатканын айтты. Ал ошол эле маалда танкердин бошотулушу Перс булуңундагы чыңалууну басаңдатат деген үмүтүн билдирди.

План боюнча танкер Каламата портуна 26-августта жетиши керек. ЖМКлардын маалыматына караганда, азырынча Грекиянын бийлиги танкердин келе жаткандыгы тууралуу расмий билдирүү ала элек.

Гибралтардан чыгардын алдында танкерге Ирандын желеги илинип (буга чейин ал Панаманын туусу менен жүргөн), аталышы Adrian Darya деп өзгөртүлгөн.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды