Бардык жаңылыктар

Атамбаевдин камак мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калды. Сот анын бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында карады. Адвокаты Замир Жоошев соттун чечимине макул эмес экенин, отурумдун атайын кызматтын имаратында өткөнү да мыйзамсыз экенин журналисттерге айтып, Жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулуп жатканын билдирди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. 16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган. Сот УКМКнын имаратында өтүп, адвокаттан башка жакындары, тарапташтары киргизилген эмес.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды