Бардык жаңылыктар

Петербургдагы жапырт мушташтан үч өзбек жараны жаракат алды

Поделиться
 Print

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы жапырт мушташтан үч өзбек жараны жаракат алды. Бул тууралуу 18-августта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 16-августта болгон мушташта жаракат алган үч өзбек жаранынын бирөөсү ооруканада жатат. Ал травматикалык куралдан жараат алып, учурда абалы оор деп бааланууда.

«Укук коргоо органдары сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Башкы консулдук тиешелүү мекемелер менен байланышын үзбөй, абалды көзөмөлдөп турат», — деп жазылган өзбек ТИМинин билдирүүсүндө.

17-августта ТАСС жана «Фонтанка» басылмалары Петербург базарындагы соода орундары үчүн Өзбекстан жана Азербайжан жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыкканын билдиришкен. Анда бир нече адам травматикалык куралдан жаракат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды