Бардык жаңылыктар

Финпол: Өмүрбек Бабанов бизде сурак берип жатат

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финполиция) сурак берип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

УКМКнын маалыматына караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Москвага кеткен.

Ал Бишкекке Москвадан 9-августта учуп келди. Аэропортто чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн кыска сөзүндө ал «мен дайыма мыйзам жолунда жүрөм» деп билдирген.

Президенттик шайлоо учурундагы теледебатта Сооронбай Жээнбеков Бабановго кайрылып, «президент болсом коррупция менен күрөштү сенден баштайм” деп айтканы коомчулукта катуу талкуу жараткан. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды