Бардык жаңылыктар

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго түз суроо: Сиз 5 жыл жетектеген убакытта Нарындын кайсыл жерин гүлдөтө алдыңыз?

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Теңир-Тоо өрөөнүн 2013-жылдын аягынан бери жетектеп келе жатканы маалым. Өлкөдөгү эң ири аймакты башкарганына 5 жылдан ашса дагы көзгө сүртүп, көңүлгө түйөр иш жасай албады. Тескерисинче, нарындыктарды күн өткөн сайын нааразы кылып, кыжырын кайнатууда. Маселен, акыркы эле окуяны алсак, Солтон-Сарыдагы чыр түздөн-түз Кайыповдун шалаакылыгынан тутанды. Жайлоодогу эл тынбай чыркырап, малы өлүп, балдарын жара басканын айтып жатты. Кулак түргөн жок. Качан «дүрт» эткенде жетти. Бирок, анда дагы элдин алдын тосо чуркап, «кенге барбагыла, мыйзамсыз кадамды жасабагыла» дегенге жараган жок. Жаш балдардын канын кызытып туруп жолго салды дагы кала берди. Жыйынтыгын көрдүк, инвесторлор менен жергиликтүү эл кагышты. Бул окуя Кайыповдун чыныгы жүзүн ачып берди. Эми Аманбай Кудайдын мурдунан түшкөн неме болсо дагы токтоосуз түрдө чара көрүлүшү керек.

–Аманбай Кайыповмч, Солтон-Сарыдагы кенди иштеткен инвесторлорду ур-токмокко алган окуяда эмне үчүн кайдыгерлик кылып, элдин алдын тоскон жоксуз? Беш жылдан бери Нарын облусунда эмне иш аткардыңыз? Солтон-Сары кениндеги үлүшүңүз канча? Усубалиевдин сүрөтүнүн ордуна Кыдырма Орозалиевдин сүрөтүн илгендер кандай жаза алды? Нарын дубанын 5 жыл бою жетектеп олтуруп кайсыл жерин гүлдөттүңүз? Жооп бере аласызбы?

Булак: “Де-Факто”

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды