Бардык жаңылыктар

Түндүк - түштүк маселесин АШАчылар ашаткысы келдиби?

Түндүк-Түштүк маселеси дагы эле актуалдуу экенин, аны Атамбаевге окшогон саясатчылар өз кызыкчылыгына ар дайым колдоно береерин Кой-Таш окуясы так жана ачык көрсөттү. Бул маселени чечмейинче Кыргызстан ич ара араздашуудан арыла албайт. 
   
Биринчиден, жаза кодекстерине " Кыргыз элинин биримдигине шек келтирүү" деген атайын берене киргизип, анын жазасы да өтө салмактуу болуш керек! Элди бөлгөндөр эл ичинде эркин жүрбөш керек!
   
Экинчиден, коомдук психологияга, өзгөчө жаштарга " Бишкектик кыргыз" деген жаңы жердештик бекем орун алыш керек! Бишкекте төрөлүп өскөндөр, көпчүлүк жашоосун Бишкекте өткөзгөндөр өзүн сыймык менен " Мен Бишкектикмин " деп айткандай болуш керек! Болгондо да, Бишкектиктер булар түндүкө да, түштүкө да кошулбай, Борбордук кыргыздар болгону оң! Алар чыныгы улуттук кыргыз баалулуктарына, 21 кылымдын талаптарына татыктуу, түндүк- түштүктүн жакшыларын кабыл алып, өстүргөн кыргыздар болушу керек!
   
Үчүнчүдөн, экономикалык, инвестициялык жана кадр саясатын этият жүргүзүш керек. 
Коомдо мындай бөлұнүүгө жииркенүү, өтө терс, өтө ыкчам сындоо психологиясы катуу калптанышы керек! Башка жол жок! Баары бир тең, ушул маселе бир тең болуп калды көрүнөт!

Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды