Бардык жаңылыктар

Кыргызстан Түркиядан алтын экспорттогон биринчи он өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан Түркиядан алтын экспорттоочу алгачкы он өлкөнүн ичине кирди. Бул тууралуу Түркиянын Зергер экспортчулар бирикмеси билдирди.

Бирикменин маалыматына караганда, быйыл алгачкы жарым жылдагы статистика боюнча Түркиядан даяр жана жарым иштетилген зер боюмдарды экспорттогон өлкөлөр арасында Кыргызстан тогузунчу орунда турат. Бул аралыкта Түркиядан Кыргызстанга 9,4 миллион долларга зер боюмдар сатылган.

Зергер экспортчулар бирикмесинин маалыматында, 2019-жылы Түркиядан дүйнө жүзүнө экспорттолгон зер боюмдардын жалпы суммасы 509 миллион долларды түзгөн. Негизги экспорттоочулар - Англия, Швейцария, Бириккен Араб Эмирликтери, Гонконг, АКШ, Ливия жана Израил.

Түркиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы Кыргызстандан Түркияга эң көп алтын, пахта жана төө буурчак экспорттолгон. Ал эми Түркиядан Кыргызстанга зер буюмдар, кийим-кече жана автоунаа тетиктери ташылып келет. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды