Бардык жаңылыктар

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүү жана КЖБРге киргизүү иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин (КЖБР) иши боюнча кеңешме өттү.

Жыйынга укук коргоо органдарынын, прокуратура органдарынын жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу соттук-укуктук реформа мониторинги боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү катышышты.

Кеңешмеде Бишкек шаардык ШИИББнин «102» тутумунун алкагында КЖБР Маалымат каттоо журналынын модулун ишке ашыруу маселелери, ошондой эле КЖБР сотко чейинки өндүрүш модулун киргизүү боюнча учурдагы абал талкууланды.

Анын ичинде КЖБР аналитикалык модулун тезинен ишке ашыруу зарылдыгы көрсөтүлдү.

Мындан тышкары жаза аткаруу жана сот органдарынын аралаш маалымат базасын интеграциялоо маселелери көтөрүлдү. Ошону менен бирге пробация кардарларынын маалымат базасынын, сот органдарынын автоматташтырылган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угулду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүш модулун программалык камсыздоону иштеп чыгууну аяктоону жана 2019-жылдын 1-октябрынан баштап анын толук кандуу ишин камсыздоону тапшырды.

«Маалымат базасын сапаттуу иштеп чыгууну камсыздоо зарыл. Укук коргоо органдарына, прокуратура органдарына жана Жогорку сотко караштуу Сот департаментине КЖБР аралаш маалымат базасын ыкчам интеграциялоо үчүн өздөрүнүн жөнгө салынган аракеттерин ишке ашыруулары маанилүү», – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган тутумдарды белгиленген мөөнөттө иштеп чыгуу жана киргизүү, аларды КЖБРне интеграциялоо тапшырылды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды