Бардык жаңылыктар

Атамбаевди «көздүн карегиндей сактоого» үндөгөн адам камалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «көздүн карегиндей сактоого» үндөгөнү менен көпчүлүккө таанылган адам камакка алынды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 19-августта тараткан маалыматка караганда, Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Фархат Баабиев аттуу жаран кармалды жана анын бул окуяларга тиешеси бар экени аныкталды.

«16-августта Баабиевге жапырт башаламандык үчүн шектүү экени тууралуу маалымдама берилип, Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 9-октябрга чейин камакка алынды» деп билдирди ИИМ.

Быйыл 22-июнда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын 400дөй тарапкери чогулган жерден Фархат Баабиев «Алмаз Шаршеновичти көздүн карегиндей сактайлы» деп айткан.

Кийин анын катышы бар экени айтылган, эки адам телефондон аймак аралык кастыкка үндөп сүйлөшкөн дагы бир видео тараган.

Көп өтпөй Баабиевдин өзүнүн видео кайрылуусу жарыяланган. Ал Атамбаевди колдош үчүн Кой-Ташка барганын, «бирок 7-8-августтагы окуялар көз-карашын түп-тамырынан өзгөрткөнүн, буга чейин айткан сөздөрүн толугу менен кайра аларын» айткан.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал ондон ашуун кылмышка шек саналууда.

7-8-августта аны Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы учурунда жүздөн ашуун адам жараат алган, бир офицер каза тапкан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды