Бардык жаңылыктар

Душанбедеги айрым парктарга кирүү акылуу болуп калды

Душанбедеги бир катар ири парктарга кирүү акылуу болуп калды. Калаа бийлиги мындай чечим Монополияга каршы күрөшүү кызматы менен макулдашылып, чогулган акча парк аймактарын оңдоого жумшала турганын билдирүүдө.

Маалыматка караганда, учурда Фирдавси, Айни жана «Умари Хаём» парктарына, ошондой эле Ботаникалык бакчага кирген жарандардын ар биринен эки сомониден алынууда. Жети жашка чейинки балдар менен майып адамдар бекер киришет. Мындан тышкары бул парктардын ичиндеги балдар аянтчасы, аттракциондор жана көңүл ачуу жайлары үчүн өзүнчө акы алынат.

Калаа бийлигинен билдиришкендей, парктардын ичиндеги аталган жайлар ишкерлер тарабынан курулуп, иштетилет. Алар андагы жер аянты үчүн ай сайын мамлекетке ижарага акысын төлөп турушат.

Учурда Душанбеде жалпысынан 17 парк жана сквер иштейт.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды