Бардык жаңылыктар

Өзбекстанда милиция нааразылык акциясына чыккан соодагерлерге күч колдонду

Өткөн жумада Өзбекстандын Ташкент облусундагы Аккурган районунда милиция кызматкерлери базардын кире беришине дүкөн курууга каршылык билдирип чыккан соодагерлерге карата күч колдонду.

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы жарыялаган видеодон тартип сакчылар акцияга активдүү катышкан аялдардын колун кайрып, күчтөп унаага салууга аракет кылганын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, чогулгандарды базардын кире беришиндеги соода жайынын ордуна дүкөн курулуп жатканы нааразы кылган.

«Алар базардын кире беришиндеги адамдар көп өткөн жерде соода кылышат. Жакында ал жер жеке ишкерге сатылып, ал дүкөн кура баштаган. Буга жинденген аялдар жаңы тургузула баштаган дүкөндүн дубалын уратып салышты. Чакыруу менен келген милиция кызматкерлери аялдардын биринин колун кайрып, күчтөп автоунаага салышты. Андан кийин башка аялдарды дагы кармоого аракет кылышты, бирок андагы адамдар мүмкүндүк беришкен жок. Ошол маалда соодагер аялдардын бири эс-учун жоготуп жыгылып калды. Муну көргөн милиция башчысы кызматкерлерин токтотуп, кармалган аялды сыртка чыгарды», — деди күбө.

Аккурган райондук акимчилигинин өкүлү учурда дүкөндүн курулушу убактылуу токтотулуп, соодагерлер мурдагы орундарында соода кылып жатканын билдирди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды