Бардык жаңылыктар

Аида Салянова үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 15-августта мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу анын сиңдиси Чынара Турдалиева билдирди.
Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген.

Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтышкан. Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан эле.

15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө жылып кеткен. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды