Бардык жаңылыктар

Аскер прокуратурасы Жолдубаеванын үйүн тинтип жатат

Аскер прокуратурасы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Ал эми Кундуз Жолдубаева тинтүү ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болуп жатканын айтты.

Аскер прокуратурасы Курсан Асановго «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Асанов ага коюлган айыптарды толугу менен жокко чыгарып, ал жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбогонун жарыялады. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операцияларына катышкан. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды