Бардык жаңылыктар

Курсан Асанов: мага эч кандай айып коюлган жок


«Милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМдин ички иликтөө кызматынын ага карата чечими боюнча «Азаттыкка» кыскача комментарий берди.

- Буюрса баары жакшы болот. Мен колумдан келгенди кылдым. Мага эч кандай айып коюлган жок. Башка комментарий бере албайм. Мен эч нерсе менен таанышкан жокмун, - деди Асанов.

Буга чейин ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Атамбаевди багынып берүүгө көндүргөн видеосу жарыяланган. Мындан сырткары, Асанов үйдүн ичиндеги көп сандаган курал-жарактарды да өткөрүп алган.

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Алты аскер 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

Бүгүн, 13-августта премьер-министр
Мухаммедкалый Абылгазиев Асановду кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгон. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталды» деп чечим чыгарган. Ошондой эле юридикалык баа бериш үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.

Өкмөт башчы ушул эле күнү дагы бир буйругу менен Памирбек Асановду ички иштер министринин (ИИМ) орун басары кылып дайындады.

ps: Генерал Курсан Асанов эки күндүн биринде Жогорку Кеңешке барып, реформа, жаңылануу боюнча чоң жүктү ишке ашырууга белсенип жүрөт. Депутаттардын кандай гана суроосу болбосун, түз түрдө жооп берип, айтор, элге карата ынанымдуу пикир айтканы кубандыра баштады. Бул да өзүнчө талант! Азыр ИИМде ЖКга барып, мындай «чеберчилигин» көрсөтө ала турган бир да жетекчи жок. Моюнга алыш керек.

Иш жүзүнө келгенде, Курсан мырза катардагы спецназдан генералдыкка чейин өсүп жетти. Бул анын эмгеги. Биз канча сындасак да, ал чыйралып, түз жолду тандап, эл үчүн иштеп берүүгө, мамлекеттик жетекчи катары өзүнүн атын тарыхка калтырууга ынтызар. Эл аралык практикада мындай фигуранттар ийгиликтерди жаратып келишкен.

Кыргызстандын кайсы жеринде коңшу өлкөлөр менен чек арага байланыштуу чыр-чатактар чыкса, ошол регионго десанттай болуп ИИМдин орун басары Курсан Асанов түшөт. Эки элди жараштыруу, ынтымакты бекемдөө жагынан дайыма демилгечи болуп келет. Июнь окуясындагы эрдиктерин бүтүндөй кыргыз журту билет дечи, андан кийин да Курсан мырза Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында бир канча ирет улут аралык уруш-талаш чыкканда элдин тынчтыгын сактап, коопсуздугубуз үчүн эбегейсиз салым кошкон. Кошуна өлкөлөр менен мамилени чыңдоодо генерал Асановдун эмгеги зор экенин тана албайбыз. Мына ушундай мекен үчүн күйгөн профессионал кадрга сыйлык берсек болбойт беле?

Ал эми кечээ экс-ажо Атамбаевди дипломатиялык жол менен берилүүгө ынандырганы үчүн, буга чейинки эмгектерин эске алуу менен коомчулукта жана социалдык тармактарда Курсан Асановдун дарегине жылуу пикирлер айтылып, ага "Ак Шумкар"орденин берүү керек деген сунуштар арбып баратат.

Жогорудагы окуялардан соң аброю артып, карапайым калктын колдоосуна арзыган Элдик Генералды кызматтан алуу аша чапкандык болду. Балким, "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" демекчи, өздөрү эр жүрөк боло албаган коен жүрөктөр ичи тарып, аны чалып жыгууну эп көрүшкөндүр. Эмнеси болсо дагы "эл тараза, эл сынчы" демекчи, эл кимдин ким экенин билет!

Курсан Асановдун кызматтан алынышы боюнча, белгилүү саясатчылар, журналисттер жана активисттер социалдык тармактарда пикирлерин билдирүүдө:







ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады