Бардык жаңылыктар

КСДПнын расмий өкүлү тергөөдө мыйзам бузулганын айтып чыкты

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы окуялардын күбөсү катары сурак маалында укугу бузулганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, 10-августта Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында ал 15 сааттан ашык суракка алынган. Андан соң чөнтөк телефонун тергөөчүлөр күч менен тартып алганын айткан Жолдубаева адвокаты менен кошо сотко арыз даярдап жатканын билдирди.

Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, Жолдубаева күбө катары өтүп жаткандыктан күч колдонуу менен жеке буюмдарын тартып алууга негиз жок болчу.
- Мыйзам боюнча күбөнү 8 сааттан ашык эс алуусуз суроого жол берилбейт. Жолдубаеваны болсо 15 сааттан ашык суракка алышты. Экинчиден, тамактанууга убакыт берген жок. Үчүнчүдөн күбөдөн «жеке тинтүү» жүргүзүлбөш керек болчу. Төртүнчүдөн ал макул болбогон учурда күч менен чөнтөк телефондорун тартып алышты, - деди Жоошев.

Адвокат буга байланыштуу 13-августта сотко кайрыларын кошумчалады.

Ал эми бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги эч кандай комментарий бере элек.
КСДПнын жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин расмий өкүлү болгон Кундуз Жолдубаева 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө катары суралып жатат.
Анда Атамбаевди кармаганы барган «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлери барымтага алынып, командири Үсөн Ниязбеков ок тийип каза болгон эле.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады