Бардык жаңылыктар

Мээрбек Мискенбаев УКМКга чакырылды

Бүгүн, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев УКМКга суракка чакырылды. Учурда УКМКда сурак берип жатат. Ага карата кандай айып тагылаары азырынча белгисиз. Мискенбаев Кой-Ташка спецназ басып киргенде оор жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Андыктан ага карата "барымтага алуу" беренеси боюнча иш козголбошу мүмкүн.

Тагыраагы Мээрбек Мискенбаев күбө катары суракка алынышы ыктымал.

Мискенбаев өзүнө карата болуп жаткан мамилени, козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Тергөө абагында отурат.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов ушул жылдын 8-октябрына чейин камакка алынды. 

Анын тарапкерлери, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычев, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев да 8-октябрга чейин камакка алынган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады