Бардык жаңылыктар

КСДП саясий куугунтук болуп жатканын билдирди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП билдирүү таратып, партиянын жана «элдик штабдын» мүчөлөрүнө карата саясий куугунтукту токтотууну бийликтен талап кылды. Мындан сырткары соңку окуяларда жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүп, атайын кызматтын өкүлүнүн өлүмүнө күнөөлүүнү табуу жөнүндө талап коюлган.

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата бардык процессуалдык жол-жоболорду мыйзамдын алкагында сактоону, «күнөөсүздүк презумпциясы» принцибин эске алууну талап кылабыз», - деп жазылган билдирүүдө.

Ошону менен катар анда тартип коргоо органдарына 9-августтагы толкундоодо чагым кылгандарды аныктап, жоопко тартуу боюнча өтүнүч келтирилген.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.

Бүгүн, 9-августта Кой-Таштагы соңку окуяларга күбө катары КСДПнын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Равшан Жээнбеков, партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева суракка чакырылган.

Партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 48 саатка камалган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады