Бардык жаңылыктар

Сейтек Атамбаев суракка чакырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы соңку окуялар боюнча экинчи жолу сурак берип чыкты.

Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Атамбаевдин баласы Сейтек Атамбаев да күбө катары сурак берүүгө чакырылган. Адвокат соңку окуяларда анын буту сынып, колунан жараат алганын билдирди.

Мунун алдында Интернетке Атамбаевдин баласы сурак берип жаткандай видео тарап, анын камалганы жазылган. ИИМдин басма сөз кызматы Сейтек Атамбаев күбө катары чакырыла турганын, анын камалбаганын маалымдады.

Саат түшкү бирге жакын сурак бериш үчүн кирип кеткен Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана экс-депутат Равшан Жээнбеков ИИМдин Тергөө кызматынын имаратынан чыга элек.
8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. 7-августта аны кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жараат алды. Алардын арасында атайын кызматтын аскерлери жана милиция кызматкерлери бар. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Күч түзүмүнүн бир өкүлү курман болду. Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын алты аскерин 7-августта барымтага алып, эртеси коё беришкен. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады