Бардык жаңылыктар

Иликтөөдөгү “илинчектер” Батирде баш калкалаган "БАЙКУШ ЖАПАРОВДУН" баш айланткан батирлери (тизме)

Иликтөөдөгү “илинчектер”

Батирде баш калкалаган “байкуш” Акылбек Жапаров

ЖК депутаты Акылбек Жапаров батирди ижарага алып жашайм дейт.


Кыргызстандагы аткаминерлердин жыл сайын милдеттүү түрдө тапшырылуучу декларациясын карасаң, аларда үйү дагы, машинеси дагы жок бир “байкуш” болуп чыга келишет. Ал эми реалдуу жашоодо андай эмес экени баарына маалым. Көбүнчө алар үйлөрүн, кымбат баалуу машинелерин, бизнестерин жакын адамдарына каттап коюшат. Биз “Байкуш аткаминерлер” долбоорубузда алардын декларациясындагы маалыматтары иш жүзүндөгү байлыгына туура келбей турганын далилдейбиз.

Экинчи каарманыбыз Жогорку Кеңештин депутаты – Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынан депутат. Буга чейин КР Экономика министри, КР финансы министри болуп иштеген.

Декларация боюнча

2016-жылдын 31-декабрына карата тапшырган декларациясын карап көрсөк, жумуш ордунан бир жыл ичинде 726 миң 625 сом тапкан. Андан сырткары 1 квартирасы бар экенин көрсөткөн. Андан башка киреше булагы дагы, үйү дагы жок экенин көрүүгө болот. Ал эми жакын адамынын кирешеси катары көрсөтүлгөн каражаттарга көңүл бурсак, негизги жумуш ордунан 355 миң 738 сом киреше тапса, дивиденддеринен 87 млн. 584 миң 925 сом, ишкерликтен 151 миң 592 сом тапканы көрсөтүлгөн. Жакын адамынын кирешеси Акылбек Жапаровдукунан 9 эсе көп киреше тапкан. Андан сырткары, 1514 чарчы метр болгон турак жай эмес имараты бар экени, Мерседес Бенц-310 (1994), Мерседес Бенц- 208 (1991), Мерседес Бенц – 410 (1995), Мерседес Бенц – 210 (1992), Мерседес Бенц-811 (1992), Мерседес Бенц – 3080 (1992), Мерседес Бенц – 609 (1992), Порш Панамера – 2012, Лексус GS350 (2005г) машинелери бар.

Ишканалары

Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсүнө тиешелүү ишканалар абдан көп. «Тридас» ЖЧКсы, юридикалык дареги Бишкек шаары, Матросов көчөсү 1а дарегине катталган, Юстиция министрлигинин базасында Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова Барыктабасовна негиздөөчүсү жана жетекчиси катары катталган. Бул компания Украинанын “Рошен” компаниясынын продукцияларын Кыргызстанга таратуу менен алектенет. Бул компаниянын Ош шаарында дагы филиалы бар.

“ДамасФарм” – ачык коомдук бирикме. Юридикалык дареги Бишкек шаары, Матросов көчөсү 1а, жетекчиси Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова, ал эми негиздөөчүлөрү катары Анара Жапарова менен “Глобалико Холдингс” ЖЧКсы катталган.

“Глобалико Холдингс” эмне болгон ишкана экенине кызыгып көргөнүбүздө, муну Уланбек Абыкеев деген жетектээри, ишкананын

юридикалык дареги Бишкек шаары Жумабек көчөсү 107-дарекке катталганы жазылган. Бул даректе “Дамас Хотел” мейманканасы жайгашкан. “Глобалико Холдингс” ресторандык кызматтарды көрсөтөт деп жазылган. Ал эми компаниянын кожоюну “Глобалико Холдингс Лимитед” деген дагы башка ЖЧК. Бул ЖЧК тууралуу маалымат Кыргызстандын Юстиция министрлигинин реестринен чыккан жок.

«Дамас Ала-Тоо»ЖЧКсы. Юридикалык дареги – Бишкек шаары, Матросов көчөсү 1а. Жетекчиси кайрадан эле Жапарова Анара Барыктабасовна. Негиздөөчүсү Анара Жапарова менен “Тридас” ЖЧКсы. Бул ишкананын негизги ишмердүүлүгү фармацевтикалык товарларды дүңүнөн сатуу деп көрсөтүлгөн.

ASKOFARM ЖЧКсы.Юридикалык дареги Матросов көчөсү 1а. Жетекчиси Жапарова Анара. Ал эми негиздөөчү катары Акылбек уулу Максатбек көрсөтүлгөн. Бул депутат Акылбек Жапаровдун уулу. Аталган ишкана фармацевтикалык товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенээри жазылган. “Акария” ЖЧКсы. Юридикалык дареги Горький көчөсү 1а. Жетекчиси Калыкбек Султанов. Негиздөөчүлөр: “С КБ ЛТД”, Кыдыралиева Бактыгуль Капаровна, Жапарова Анара. Бул ишкана эмне иш менен алектенээри көрсөтүлгөн эмес.

МКК «Тезкредит компани» ЖЧКсы. Бул компания деле а дегенде Матросов көчөсү 1а деген дарекке катталып, Жапарова Анара Барыктабасовна жетектеген. Негиздөөчүлөрү Анара Жапарова менен Ермакова Раиса Георгиевна болгон. 2013-жылы кайрадан каттоодон өтүп, Алиева Салтанат менен Жапарова Анара негиздөөчү болуп калган, 2014-жылы кайрадан каттоодон өтүп, Алиева Салтанат менен Жапарова Анарага дагы Казыбекова Динар Жамалбековна кошулган. Жетекчи болуп Жапарова Саадат Акылбековна дайындалган. Бул депутат Акылбек Жапаровдун кызы. 2017-жылы кайрадан каттоодон өтүп, бул компанияда жалгыз негиздөөчү Алиева Салтанат Шарапидиновна калып, ал жетекчилик дагы кылып калган.

«Communication&Innovation technologies» ЖЧКсы. Негиздөөчүсү жана жетекчиси Акылбек уулу Максатбек. Юридикалык дарек Шопоков көчөсү 93/2. “Ала-Тоо Рэнт” ЖЧКсы. Юридикалык дареги Шопоков көчөсү 93/2 дарегине катталган. Абыкеев Уланбек Сартбаевич деген жетектейт. Негизги ишмердүүлүгү имараттарды ижарага берүү деп көрсөтүлгөн.Негиздөөчү катары “Ала-Тоо Импекс” (Ala-Too Impex) ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Бул ишкананы дагы кайра эле Абыкеев Уланбек жетектейт, ал эми негиздөөчү катары ORACUL INVESTMENTS FOR C.I.S. AND EASTERN EUROPE LTD и EURASIA CAPITAL LIMITED көрсөтүлгөн. Бул компания Кыргызстанда катталган эмес. Аны менен катар эле, Уланбек Абыкеев “Дамас Хотелинин” жетекчиси болуп саналат. 2011-жылы Акылбек Жапаров президенттик шайлоого аттанганда, Абыкеев Улан талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталган.

Мүлктөрү

Тогуз кабаттуу имарат – Шопоков 93/2

Бул имаратка жогоруда аталган “Ала-Тоо Рэнт” ЖЧКсы ээлик кылат. Бул фирма тууралуу биз жогоруда айтып бердик.

“Дамас Хотел”

Жапаровго тиешелүү делген “Дамас Хотелдин” жайгашкан Бишкек шаарынын Жумабек көчөсү 107 дарегиндеги жер Абдрахманова Чолпон Ишенкадыровнага тиешелүү. Бул фамилияны издеп көргөнүбүздө, “Жеңил Бетон” ЖЧКсында “Бир Бол” фракциясынан депутат Игорь Чудиновдун уулу Родион Чудинов менен чогуу негиздөөчү экенин билдик.

Бирок бул фамилиянын Акылбек Жапаровго кандай тиешеси бар экенин табуу үчүн андан ары издегенибизде, Абдрахманова Чолпон Ишенкадыровна Салык кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, 11-кичирайондун 14-үйүнүн 44-батирине каттоого туруптур. Бул квартира Аюдрахманов Алмазбек Ишенкадыровичке катталган. Алмазбек Аюдрахманов Акылбек Жапаров президенттик шайлоого аттанганында ыйгарым укуктуу өкүлү болгон экен. Матросов көчөсү 1а

Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсүнө тиешелүү көп фирмалар Бишкек шаарынын Матросов көчөсү 1а дарегине катталган. Бул жерде Анара Жапарованын менчигинде имарат бар экени аныкталды.

12-кичирайон

Депутат Акылбек Жапаров өзү дагы, уулу Максат дагы Бишкек шаарынын 12-кичирайондогу 49-үйдүн 2-батирине катталышкан. Бул батир Акылбек Жапаровдун өзүнө катталган.

Ростовская 6

Ал эми жубайы Анара Барыктабасова Бишкек шаарынын Ростовская көчөсү 6-үйүнө катталган. Бул жерге барганыбызда “Kerben Palace» деген мейманкана экенин көрдүк. Бул даректеги имарат Акылбек Жапаровдун апасы Бегайым Саринжиевага катталган.

Апасы бул имаратка ээлик кылганы менен өзү башка дарекке – Эркиндик 30 дегенге катталган. Мамлекеттик каттоо кызматынын реестринде бул имарат Илимдер академиясына тиешелүү деп көрсөтүлгөн.

“Корона”

Бирок Акылбек Жапаровдун үй-бүлөсү Эркиндик бульвары 71 дарегинде жайгашкан атактуу “Корона” үйүнүн 5-кабатында жашайт. Бул жердеги батири тууралуу маалымат мамлекеттик каттоо кызматынын реестринен чыккан жок.

МИС

Советтер союзунун учурунда дүркүрөп турган “Машине сыноочу станция” – МИС айыл-чарба жаатында ар кандай эксперименттерди жасап турчу. Ал Кант шаарында жайгашып, өзүнүн спорт клубдары, мейманканалары болгон. Советтер союзу тарагандан кийин ал Акционердик коомго айланып кеткен. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2015-жылы акыркы жолу кайрадан каттоодон өтүп, 105 акционер ээлик кылганы көрсөтүлгөн. Жакында эле бул ишканага байланыштуу УКМК Жогорку Кеңештин

депутаттары Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошондо УКМКнын маалымат таратып, бул акционерлердин 95%ы Акылбек Жапаровдун адамдары болуп саналаарын билдирген эле.

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Корона” деген үйдө батирди ижарага алып жашайм”

- Келинчегим бир топ жылдардан бери бизнес жаатында аракет кылат. Жылына 120 млн. сомдун тегерегинде киреше көрөт. 130 млн. сомдун тегерегинде салык төлөйт. Мен мамлекеттик кызматта жүргөндөн кийин меники бир топко эле азыраак болсо керек.

- Сиздин жубайыңыз бир топ жоопкерчилиги чектелген коомдордун кожойкеси экен. Ал фирмаларга сиздин тиешеңиз жокпу?

- Жок, ал өзүнүн эмгеги менен, өзүнүн аракети менен алектенет. Кайсы фирмада канча үлүшү бар экени менин декларациямда бар.

- Ошол эле декларацияда сиздин жашап жаткан үйүңүз, сизге тиешелүү делген “Дамас Хотел” мейманканасы, Шопоков көчөсү 93/2 дарегиндеги имараттар көрсөтүлбөптүр?

- Шопоков көчөсүндө эмне болгон имарат экен? Сизден бир топ жаңылыктарды угуп жатам. Ага биздин тиешебиз жок. “Дамас Хотел Интернешнал” деген фирмага дагы тиешебиз жок. Ошондуктан, калган фирмалардын кирешелери декларацияда көрсөтүлгөн.

- Сиз жашап жаткан үйдүн имаратын “Корона” деп коет экен. Ошол үйүңүз дагы декларацияда көрсөтүлбөптүр...

- Мен ал жерде арендада турам. Өзүмдүн үйүм 12-кичирайондо.

- Апаңыз дагы жакын адамы дегенге кошулабы? Сиздин апаңыз Сарынжиева Бегайымга Ростовская көчөсү 6 деген даректеги мейманкана тиешелүү экен?

- Эгер ал мени менен чогуу жашаса да. Апам учурда эң кичүү иним менен чогуу жашайт. Ошол инимдин декларациясында апамдын мүлкү чогуу көрүнүшү керек.

- Канттагы МИС ААКсы боюнча кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук кызматы маалымат таратып, ал акционердик коомдун 95% акциясы Акылбек Жапаровго караштуу адамдарга тиешелүү деп маалымат тараткан эле, ал иш эмне болду?

- Ал боюнча иштеп жатышат. 95%ы чет элдик компанияга тийиштүү экен. 2015-жылы сатып алышкан экен. Ал компанияга сиздин тиешеңиз бар болуш керек деген божомолдорду мен ММКлардан дагы окудум. Тергөө иштери жүрүп жатат.

- “Дамас Хотел” салынган жер Абдырахманова Чолпон Ишенкадыровнага тиешелүү экен. Ал айым 2011-жылы сиз президенттик шайлоого аттанганыңызда ишенимдүү өкүл болгон

Абдырахманов Алмазбек Ишенкадырович дегендин бир тууганы экен. Бул жөн гана дал келүү деп ойлойсузбу?

- Мен аны Алмаз Абдырахмановдон сурап көрүшүм керек. Бул киши сага ким болот, кандай дал келип калды деп. Менин ишенимдүү адамым болгондон кийин менин жакын туугандарым же досторум болуш керек.

- Сиз тааныйсыз да?

- Ооба, ал адамды тааныйм. Балким жери бардыр, көрөбүз да.

Декларация туура эмес толтурулган болсо кандай жоопкерчилик каралган?

Жанара Иманалиеванын, Мамлекеттик кадр кызматынын декларация бөлүмүнүн башкы адиси:

- Биз мамлекеттик кызматкерлердин декларацияда көрсөтүлгөн киреше-чыгымдары туура көрсөтүлгөнбү же жокпу деп биз анализ жүргүзөбүз. Корутунду чыгарып президентке, премьер-министрге, Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын төрагаларына, ЖК төрагасына жиберебиз. Бул корутундуга таянып, прокуратура жана башка укук коргоо органдар андан ары кандай иш алып барып, кандай жазага тартууну чечишет. Мисалы, административдик кодекс боюнча эгерде декларация тапшырбаган болсо, анда 2 миң сомдун тегерегинде айып пул көргөзүлгөн. Ал эми декларация тапшырып, бирок ичинде туура эмес маалыматты көргөзгөн болсо, анда 5 миң сом айып пулга жыгылат. Эгерде бул нерсе экинчи жолу кайталанса 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Кылмыш кодекси боюнча болсо, декларанттардын мыйзамсыз байыганы тастыкталган болсо алар суракка алынат. 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгерде өтө ири өлчөмдө, тагыраак айтканда 300 миң сомдон өйдө жашырылган болсо, 6 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылып, үй-мүлкүн конфискациялоо каралган.

Автор “ПолитКлиника”

Бул материал “Борбордук Азиядагы көз карандысыз ММКларды күчтөндүрүү” долбоорунун алкагында Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана “Клооп Медианын” колдоосу менен даярдалды.


Булак: Факты.кж гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды