Бардык жаңылыктар

Украинада Жогорку Радага мөөнөтүнөн эрте шайлоо өтүүдө

Бүгүн, 21-июлда Украинанын Жогорку Радасына депутаттарды шайлоо өтүүдө. Добуш берүү жергиликтүү убакыт менен саат 8:00дө башталды. «Азаттыктын» украин кызматы парламенттик шайлоого жалпы жонунан алты миңге чукул талапкер ат салышып жатканын жазды.

Шайлоого Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы, өлкөнүн мурдагы президенти Петр Порошенконун «Тилектештик» блогу, Орусия менен мамилени оңдоону жактаган «Оппозициялык платформа» жана Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы баш болгон баш-аягы 22 партия катышууда.

Ал эми Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвили өзү жетектеген «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясы шайлоого катышуудан баш тартарын шайлоого бир күн калганда, 20-июлда жарыялап, тарапташтарын Владимир Зеленскийдин партиясын колдоого чакырган.

Украинадагы кезексиз парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августка чейин жарыялашы керек.

Зеленский 20-майда ант берип президенттик кызматка киришкенден кийин Жогорку Раданы таратуу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленген. Мыйзам боюнча парламенттик шайлоо 2019-жылдын 27-октябрында өтмөк. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...