Бардык жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун алыскы айылдарына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча өзүнүн жумушчу сапарын улантууда. Бүгүн, 20-июлда ал Ош облусунун Алай районундагы  алыскы Сары-Таш жана Күн-Элек айылдарына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган айылдар деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан, Мамлекет башчысы менен жолугушууда актуалдуу маселелер айтылды.  Айылдыктарды түйшөлткөн негизги маселелердин бири — мектеп көйгөйү.
Алсак, Сары-Таш айылындагы № 39-орто мектеп авариялык абалда, Күн-Элек айылында мектептин жаңы имаратынын курулушу кечеңдөөдө.

Ошондой эле тургундар медициналык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин жана алгачкы жардам көрсөтүүчү дарыгерлердин жоктугу тууралуу айтышты, айылдыктарды социалдык коргоо маселелери көтөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков айылдыктар менен маектешүү учурунда 2020-жылдын жазынан тартып жаңы мектептин курулушу башталарын жана окуучуларда ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун белгиледи. Күн-Элек айылындагы мектептин курулушун 2019-жылдын октябрында аяктоо пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура,  курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча,  № 39-мектеп 1986-жылы курулган, анда 250гө жакын окуучу окуйт.

Бактыбек Абдиев кошумчалагандай, азыркы учурда Күн-Элек айылындагы мектептин курулушунун көпчүлүгү аяктады, ичи-тышын жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Президент тургундар тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча  тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик иш алып барарын белгиледи.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады