Бардык жаңылыктар

80 жаштагы Тынаев Жакып аксакал Губернатор Марат Мураталиевге ак батасын берди...

Менин атам Чыдыев Тынай 1943 - жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанганда мен 4 жашта экем. Атам мени жерден көтөрүп алып, бетимен өөп,  жерге түшүрүп атын чаап кеткени өмүр бою көз алдымда, деген катын Талас шаарынын тургуну Жакып ата NazarNews.kg маалымат агенттигине жолдоду. 

Төмөндө Жакып атанын атасына болгон кусалык каты толугу менен: 

Атам согуштан кайткан жок. Апам Бүбүкан 29 жашында 5 бала менен жесир калган. Атаңар дайынсыз кетти деп, апам ыйлап калаар эле. Акыркы катында - “Алдымда от, артымда от, батышты коздой немистерди кууп кетип баратабыз” - деп жазылган экен. Атамды көпкө издедим. Орусча жазылганда фамилиясында ката жазылып калган. Жакында неберем интернет аркылуу таап берди атамды. Атам 1944-жылы Белоруссия жеринде курман болгон экен.

Балдарым менен атама барып, кеч болсо да куран окуп, топурак салып келдим. Токойдун арасында “Братская могила” да миңден ашык солдаттардын фамилиясы, аты жазылган. Согушта курман болгон солдаттардын акыркы түнөгү, Белоруссия эли тарабынан жакшы каралып турат экен. Өмүр бою атама болгон сагыныч, кусалык, согуш убагында тарткан азап - тозоктор, жетимчилик көзүмөн жаш болуп куюлуп куран окуй албай ыйлап турдум.
Мекенинен ушунча алыс жерде калганына, 76 жыл бою таба албаганыма арман кылдым. Бир жагынан кеч болсо да өзүндү тапканыма, түбөлүк жаткан жериңе келгениме ичимден кудайга ыраазы болдум.

Кош Ата, эми мен кайра келемби, келбеймби, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко жаның бийик жаннатта болсун. Сага эч кандай сыйлык берилбей калса да, сен биз үчүн баатырсың.
Кырк үч жашында биздин Советтер Союзу деген чоң Мекенибиз үчүн жанынды берип, баатырларча курман болгонсуң.

Кантейин Ата, кош эми....

Белорусия жерине келип, атама куран окуп келгенге жардам көрсөткөн Талас областынын губернатору Мураталиев Марат балама, бөлүм башчысы (социалдык мониторинг) Наралиев Төлөгөн балама өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылыгымды билдирем. Ушул балдарыма узун өмүр тилеймин, иштеринде дайым ийгиликтер болсун. Кичи пейил, ишин жакшы билген Таласымдын мыкты, чыгаан жигиттери өсө берсин. Манас атабыздын арбагы дайым колдоп жүрсүн.

Тынаев Жакып, Талас шаары

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...