Бардык жаңылыктар

ФОТО - Атамбаевдин “сыйкырдуу” өнөктөшү Субихи Пархати деген ким?


“Атамбаевдин “сыйкырчы” өнөктөшүнүн кулагы Ташкенттен көрүндү” деген өткөндөгү макалабызда мурунку президенттин тегерегинде аты аталып жүргөн уйгур ишкерлери тууралуу жазып, аягын “Атамбаевге 26 жаштагы Субихи Пархати кандайча өнөктөш болуп калганын, бул жерде кимдин кулагы көрүнө турганын жазабыз” деп аяктаганбыз. Бул жолку макалабызда баарыбызга табышмак болгон Субихи Пархати жөнүндө кеп кылабыз…

Атамбаевдин “сыйкырдуу” өнөктөшү Субихи Пархати деген ким? Атамбаевдин “сыйкырдуу” өнөктөшү Субихи Пархати деген ким?

Атамбаевге 26 жашында бизнес-өнөктөш болгонго жетишкен Субихи Пархати Кара-Балта шаарында кытайлык уйгур тектүү үй-бүлөдө 1991-жылы төрөлөт. Болочокто Кыргызстандын президентинин өнөктөшү болчу Пархати 3 жашка толо электе, атасы апасын кызганычтын айынан өз колу менен мууздап салган деген маалымат бар. Ошондон улам, Пархатини тайатасы алып кетип, Үрүмчүдө чоңойткон. Атамбаевдин табышмактуу өнөктөшүнүн Кара-Балтада калган тайэжесинин сөзүнө ишенсек, Субихи сабатсыз, кыргызча,орусча жаза албайт, чөнтөгүндө “маршруткага да акчасы жок” бала. Эл таңкалгандай “доллар менен мультимиллионер” эмес. Өз аялын мууздаган кылмышкер атасы Казакстанга качып кеткенден кийин, кээ бир маалыматтар боюнча уйгур тектүү Алимжан Ибрагимовдун жакын санаалашы болууга үлгүрөт. Чоңоюп калган уулу Субихи менен элдешип, ага казак паспортун алып берип, улутун казак деп жаздыртып коёт. Ошол баланы “подставное лицо” катары алгач Атамбаевдин “НПФ Форум”фирмасынын 50 пайыз акциясын, кийинчерээк  100 пайыз акциясын  жаздыртып, экс-президентке эбегейсиз чоң каражаттарды “фирманы сатканынан адал тапты” деп легалдаштырып беришет. Бул азыркы күнү Атамбаевге каршы коюлуп аткан дооматтардын негизгиси болуп турат. Мындан сырткары, Субихи Пархатинин атына миллиард долларга бааланган Терек-Сай сурма кени да катталганын эске салууга туура келет.

P.S:  Табышмактуу Пархатинин эки сапка баткан өмүр-таржымалы  ушул. Атамбаев чөнтөгүндө тыйыны жок, сабаты чала жигитти кантип өнөктөш кылганын кийинки макалада сөз кылабыз…

Темирлан Токтоболотов
Булак:“Ring.kg”

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады