Бардык жаңылыктар

Жапонияда аниме-студияда чыккан өрттөн ондогон киши өлдү

Жапониянын Киото шаарындагы "Kyoto Animation" студиясында чыккан өрттөн кеминде 20 киши өлдү. Шаардык өрткө каршы кызматы ооруканага бери дегенде 36 адам күйүк менен түшкөнүн маалымдады.
Окуя 18-июлда эртең менен болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, 41 жаштагы жаран имараттын ичине бензин куюп, өрттөп жиберген. Бул тууралуу ал колго түшкөндөн соң айтып берген. Шектүү да ооруканага жаткырылды.
Ал эмне себептен мындай кадамга барганы али белгисиз. Полиция өрт болгон жерден бычактардын топтомун тапты. Бирок ал шектүүгө таандыкпы же жокпу, тактала элек.
Өрттөлгөн "Kyoto Animation" студиясы 1981-жылы ачылган. Сериалдарды жана көркөм фильмдерди чыгарат. Студиянын эмгектеринин арасында «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад», «K-On!» тасмалары бар. Компаниянын башкы кеңсеси Киотодо жайгашкан.







Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады
Видео // 16:08
Талас облусунун тургундары Атамбаевге кайрылып жатып, "айныбай тынч отур" дешти... ВИДЕО