Бардык жаңылыктар

Айжан Чыныбаева, «Курак-Кыргызстан айымдары» коомдук уюмунун тɵрайымы: «Саясатка келсем экология жана айымдар кɵйгɵйүн кɵтɵрɵм»

Кызы кыйын кыргыздын!

Маектешимди сырттан таанып, байкап жүргɵнүмɵ кɵп деле убакыт болгон жок. Ошого карабай анын эмгекчилдиги, бир эле учурда бир нече иштин башын бир кармагандыгы мени таң калтырып, мындай күчтүү айым менен жакындан таанышууга түрткү берди. Айжан Чыныбаева Кыргызстандагы алдыңкы ишкер айымдардын бири, бир нече долбоорлордун жетектɵɵчүсү, катышуучусу. «Ротари клуб» эл аралык кайрымдуулук фондун жетектеп, бир катар кризистик борборлор, балдар үйлɵрү жана жардамга муктаждар менен кызматташып келет. 2014-жылдан тарта «Эко Деми» коомдук фондун жетектеп, Ыссык-Кɵлдү деги эле Кыргызстанды таштандылардан арылтууда Опол тоодой эмгегин кɵрүп келе жатабыз. 

--Айжан айым, июль айынын башында Кыргызстандагы ишкер айымдардын башын бириктирген форум болду. Форумга катышкан «Курак» ишкер айымдар коомдук фонду тууралуу түшүнүк бере кетсеңиз?

--Ооба, ɵлкɵбүздɵ алгачкы жолу премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевдин демилгеси менен «Кыргыз Республикасындагы айымдардын ишкерлиги: жаңы дем» улуттук жыйыны болуп ɵттү. 400 ишкер айымдын башын бириктирген форумда келечекте ишкер айымдардын маалымат базасы ачылаары, тɵмɵн пайыз менен насыя берилери айтылды. Ал эми «Курак – Кыргызстан айымдары» коомдук фонду 2012-жылдан бери ɵз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Коомдун негизги максаты Кыргызстандагы айымдарга ар тараптан жардам берүү, коомдо ɵзүн табуусуна шарт түзүү, ишкерликти баштаган айымдардын ишинин андан ары ийгиликтүү жүрүшүнɵ колдоо кɵрсɵтүү болуп саналат. Башкача айтканда эже-сиңди, курбулардай бири-бирибизге кам кɵрүү. Бүгүнкү күндɵ коомго мүчɵ катары эл кɵзүндɵгү адамдардан Дилбар Ашымбаева, Татьяна Воротникова сыяктуу иштин кɵзүн билген айымдар бар жана коомго мүчɵ болгусу келген ар кандай тармактан чыккан жɵнɵкɵй айымдар катарыбызга кошулса болот. Азыркы учурда Кыргызстандын 7 облусунан ар тармактын ɵкүлдɵрү бар жана Таласта, Нарында, Жалалабадда филиалдарыбыз иштеп жатат. Коомго сиңип калган «аялдар бири-бирин кɵрɵ албайт» деген стереотиптен арылуу максатында аталган топ ɵз ишмердигин жүргүзүп, тескерисинче коомдо айымдар эже-сиңди катары кандай гана кырдаал болбосун бири-бирин колдон-буттан алып жардам берүүгɵ даяр экендигин тастыктоо. Айымдын табияты ɵзү жаратуучу, кам кɵрүүчү эмеспи. Мындан тышкары чет ɵлкɵдɵ жашаган биздин коомдун мүчɵлɵрү аркылуу кɵйгɵйлɵр жаралган учурда ар ким колунан келген жардамын берет. Алардын арасында жɵнɵкɵй үй кожойкесинен баштап, орто же чакан бизнеси бар айымдар бар. 

--«Курак» уюму тренингдерди ɵткɵрɵɵрүнɵн кабарым бар…

--Ооба, буга чейин кɵп эле жолу тренингдерди ɵткɵрүп келдик. Мисалы кол ɵнɵрчүлүк багытында Дилбар Ашымбаева, Татьяна Воротникова багыт берсе, отел жана ресторан бизнеси боюнча, туризм боюнча, финансылык сабаттуулук боюнча дагы тренингдер болуп турат. Мындан тышкары биздин организация Орусиянын ишкер айымдары, Италия ɵлкɵсүнүн ишкерлери чогулган аянтчага мүчɵ. Мен Казакстандын ишкер айымдарынын «Women Expo» фондунун Борбордун Азия боюнча консулумун. Евразия аялдар Саммити менен иш алып барабыз. Ушундай айымдардын башын бириктирген аянтчалар айымдардын бири-бири менен байланышуусуна, ишкердиктин андан ары ɵнүгүүсүнɵ шарт түзɵт. 

--Демек, каалаган айымдын сиздердин катарыңыздарга кошулууга мүмкүнчүлүгү бар?

--Албетте, сɵзсүз ишкер айым гана эмес ар бир тармактын ɵкүлдɵрү биздин катарга кошула алат. Учурда арабызда мугалимдер, чебер-уздар бар. Буюрса жакында IT тармагын мыкты билген айымдардын катары толуктала баштады. Замандын ɵнүгүүсү менен IT продукцияларга болгон суроо-талап күчɵдү жана баасы дагы бир топ кымбат. Бул тармакта эмгектенгиси келген айымдарга эл аралык фонддор тарабынан окутуу каралган. Чакан ишкерликке караганда бул тармакта кɵп киреше табууга болот. IT кызматтарына чек жок жана ар дайым суроо-талап күчтүү экенин билесиздер.


--«Эко Деми» долбоору боюнча дагы айта кетсеңиз, быйылкы жылдын эсебинен дагы тазалоо иштери жасалдыбы?

--«Эко Деми» долбоорунун алкагында жыл сайын айлана-чɵйрɵнү тазалоо иштери жүргүзүлүп келинет. Быйыл Ысык-Кɵлдɵ 3 акция ɵттү, Баткенде, Кара-Балтада, Ошто жана Нарында ɵттү. Фонд волонтерлордун жардамы менен кɵп иштерди жасап келет. Былтыркы жылы биздин фондду Эстонияга чакырышты. Президенттин катышуусунда 4 миңге чукул катышуучу топтогон акциянын натыйжасы жакшы болду. Буюрса күзүндɵ дагы жаңы акция ɵтɵт. Менин пландарымдын бири керемет кɵлүбүздүн түбүн таштандыдан тазалоо, учурда каражат булактарын жана керектүү жабдууну издеп жатам.


--Аялдар менен активдүү иш алып барган айым катары айтсаңыз, акчасы кɵптɵр катар-катар аял алып, жаштар үйлɵнүп бүтɵ албай атып кайра эки ажырым жолго түшүп жатат. Айтор коом деградация болууда. Сиздин оюңуз кандай?

--Коомго үй-бүлɵнү мыкты алып кеткен мырзаларыбызды алып чыгышыбыз керек. Балдарынын тарбиясы ɵз ордунда, аялын кɵкɵлɵтүп караган, бир катуу сүйлɵбɵй тарбиялаган, ошол эле учурда ар тараптан ийгиликтүү мырзаларыбыз кɵп да. Болбой эле элдин кɵзүнɵ чылкыйа семирген, тартиби жок, акчаны каалаганча кармап, унаасына кыздарды салган депутат мырзалардын мас абалында рулга олтурган кɵрүнүштɵрүн жаштарыбыз улам кɵрүп атып, коом деградация болуп атат. Улуттук баалуулуктар жоголууда. Эркек балдарга үлгү болчу мырзаларды кɵп кɵрсɵтүшүбүз керек. Андайлар арабызда кɵп, бирок алар ɵздɵрүн жарнамалоону кɵп жактырышпайт. Учурда мигранттар тарабынан кароосуз калган балдардын саны 200 миңге чукул. Алардын келечеги бүдɵмүк. Себеби алар жетиштүү тарбия, мээрим, билим алышпайт. Ар бирибиз айланабызды карап, мигранттар тарабынан ташталган ар бир балага ɵкүл аталык милдетти алсак, башында кыйын болгону менен кийин акыбети кайтат. Коом аз да болсо ɵзгɵрɵт. 

--Зордук-зомбулук кɵргɵн айымдарга кандай кеңеш бересиз?

--Мен ар бир айымга эч качан зордук мамилеге чыдап жашабагыла дээр элем. Аялга кол кɵтɵргɵн эркек эч качан анысын токтотпойт. Аны кечирип, чыдап жашайм, ɵзгɵрүлɵт деген түшүнүк туура эмес. Ɵзүнүн эмоциясын башкара албаган, колуна алы жетпеген эркектер алсыздар. Сабаган эркектен тɵрɵлгɵн балдар бактысыз, түнт болуп кɵп учурда ата-энесинин жашоосун кайталашат. Ошол эле ала качуу менен баш кошкон айым күйɵɵсүн сүйбɵй туруп балдар жаралат. Балдар сүйүүсүз тɵрɵлɵт. Биз, айымдар аял затына кол кɵтɵрбɵгɵн, тартиптүү мырзаларды тарбиялашыбыз керек. Айымга кол кɵтɵргɵн эркек – эң алсыз эркек дээр элем. Менин бир таанышым күйɵɵсүнүн зордук-зомбулугуна чыдады болушунча. Кабыргалары сынып нечен ирет ооруканага түштү. Акыр аягында Москвага качты. Балдары жолдошунда калган. Анткени күйɵɵсү ɵлтүрɵм, балдарды бербейм дечү. Ал жакта даараткана жууп иштеп жүрүп бир мырзаны жолуктурду. Ал киши дааратканага жолугушууга келер эле. Себеби ал аялдын жакшы аял экенин түшүнгɵн. Кийин экɵɵ баш кошуп, аял балдарын жанына алды. Жаңы күйɵɵсү үйүн аларга мураска калтырган. Бул бактылуу аяктаган окуянын бири. Учурда жардам кɵрсɵткɵн кɵптɵгɵн кризистик борборлор бар. Адам качан ɵзүн тапканда ийгилик жылмаят, жакшы каражат таап баштайт, ɵзүнɵ болгон кɵз караш ɵзгɵргɵндɵ коомго болгон кɵз карашы дагы ɵзгɵрɵт дээр элем. 

--Саясатка келейин деген ойлоруңуз барбы жана келсеңиз кандай багытта иш алып бармаксыз?

--Саясатка айымдар келиши керек деп ойлойм. Парламентте жок дегенде 30% айымдар болушу керек. Эгер билими жетиштүү, тажрыйбасы мол, ɵз чɵнтɵгүн ойлобогон кишилер иштесе эмнеге болбосун. Ɵзүм боюнча азырынча айта албайм, себеби менин кɵз карашыма, менин ички туюуу сезимдериме туура келген партия жок. Бирок барбайм деп да айтпайм. Мен үчүн экология маселеси жана айымдардын кɵйгɵйлɵрү биринчи орунда турат. Ушул багытта иш алып бармакмын.  

--Ишиңизге ийгилик!

Назгүл Исакова

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 10:00
Адахан Мадумаров: Кыргыз жарандарын ойлобогон түркөйлөрдүн барынан жогу!
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды
Видео // 13:41
Жеңиш Молдокматов өлкөдөгү коррупциянын бетин ачып, Равшан Жээнбековду КАТУУ КАКТЫ
Видео // 16:41
ВИДЕО - Мамлекеттин келечегине ким жооптуу? Сариев менен Мадумаров учурдагы саясий абалды талкуулады