Бардык жаңылыктар

Бейиш энелердин таман алдында: АРДАКТУУ ГҮЛАЙДА АПА...

Ата-бабалардын этникалык аң- сезиминин ыйык символу – Кудай жараткан аял болуп саналат,- деген накыл сөз катардагы адамдан бийик деўгээлдеги аалымдарга чейин маалым. Ошон үчүн “ Аял дүйнө, анын карегине бүткүл аалам батат”- деген сөздү түрдүү эл ар кандай кылып айтып жүргөнүн угуп жүрөбүз. Демек, ар бир аял заты өзүнчө бир дүйнө боло турган болсо, анда катылып жаткан түгөнбөс байлык, казылып алынгыс кенч, канчалык аракет кылба чечилбей турган сырдын бар экендиги чындык. Деги эле көчмөн өнүгүүнүн жана мусулманчылыктын тарыхындагы кыргыз аялынын коомдогу орду өзгөчө жана бөтөнчө болгондугу айтылып келет. Аны кыргыз элинин ойчулу катары белгилүү болуп калган . Дал ошол кыргыз эли башынан кечирген көчмөн тирилиги кыргыз коомунда аялдын турмуштагы бийик даражасын камсыздагандыгы айтылып жүрөт. Кандай гана сезимтал эркек бүлө оор турмуштун жүгүн жана түйшүгүн чогуу бирдей деңгээлде көтөргөн жубайын баалай билчү жана учурда да баалай билет. Ошентип, аял бул жашоонун ар кандай тармагында күйөөсүнүн жан жолдошу жана кеңешчиси болуп калган. Тээ эле кылым бүктөөлөрүндө калган Манас атабыздын алганы (Санирабига) Каныкей апабызды мындай эле коёлу кечээги эле Курманжан датка жөнүндөгү аңыз кептер алигиче айтылып бүтпөй келет. Турмушту жаңы тааный баштаган өз балдары жана үй- бүлөсү үчүн гана эмес жамы журттун көтөргөн жүгүнө кол кабыш кылуу чынында эле эрдик эмеспи. Ошонун негизинде айтылган: “Бейиш эненин таманынын алдында”- деген сөздүн чынында эле калети жок белем. Учурда өрөөндөрдө жана тоолордо, шаарларда жана айыл – кыштактарда бардык тармактарда аялдардын эркектерден кем калбай ийгиликтүү иштеп келишкени жана азыр да иштеп жатышкандыктары жогорку айтылгандарга күбө. 

Мен бул баянымды өзүнүн жашоодогу жолу кыска болгону менен, элдин эсиндеги сапары узак, өмүрү аз болгону менен элине кылган эмгеги опол тоодой болгон Талас облусунун азыркы Кара-Буура районунун Сатыкей айылынын кулуну Артисбек Жумабековдун өмүрлук жары, жароокер жубайы Гүлайда апага арнап турам. Артисбек атабыз карапайым калкы үчүн канатын каккылап жүрсө, Гүлайда апабыз үйдө жети уул, төрт кызды бапестеп багып, атабыз менен биргеликте аларды эмгекке бышырып, билимге суугарып татыктуу тарбия берип келишкен.

“Мен онунчу классты аяктап, медициналык окуу жайынын экинчи курсунда болчумун. Артисбек мен сабактан чыкканда тосуп алып, ашканадан тамак алып берет. Ошентип эки жылча жолугуп жүрүп, бир күнү түрк досу Асландын бензин ташыган машинасы менен келишиптир. Мени Айзин жеңем аркылуу чакырып алышып, кабинага салышып, айылды көздөй бет алышты. Мен болбойм, көгөрүп баратам, “Үйдүн улуусумун, апам Аккызга кол кабыш кылып, айткандарын бүтүрүшүм керек, там курулуп бүтө элек, кийинчерээк үйлөнөлүк, дагы эрте”,- дедим. Анда Артисбек “Ошонун баарын өзүм бүтүрөм, эч бир кейибе”,- деп мени соорутуп баратты. Кайынэнем Бүбүсара жоолук салып, сүйүнүп тосуп алды. А киши, биз үйлөнгөндөн төрт-жылдан кийин кайтыш болду. Экөөбүздүн жакшылыгыбызды жартылуу көрбөй кетти, атаганат”,-деп Гүлайда апа, эскерип, оор улутунуп.

Эң башкысы адамкерчиликтин эң кылдат, назик сезимдеринин күчүнө ошондой эле инсандын бийик сапатына эгедер болгон Гүлайда апа адамдын төө көтөргүс нык, тараза менен ченей алгыз салмактуу жүгү, Артисбек атабыз менен бирге өтөгөн эмгеги эл арасында, Кара-Буура районунун эмгекчилеринде аларга карата сүймөнчүлүк жаратып, аңыз болуп тараган. Элдин тагдырын ойлоо, элдин тагдырына күйүп- бышуу бул көрүнгөндүн эле (керек болсо эр адамдын да) колунан келе бербей турган иш. Учса канат, консо куйрук болгон жан шериги Артисбек Жумабеков ата Сатыкей айылынын өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкондугу үчүн “Артисбектин чыгарган суу түтүгү, кастырган каналы, салдырган көпүрөсү, мектеби, мечити”, “Артисбектин телемунарасы”, “Артисбектин чек арасы” дешип күнү бүгүнкүгө чейин эскеришип, даңазалап келишет. Демек, “Эки жакшы бир тоого чыгып”, бирине – бири кай тарабынан болсо да жөлөк болгон экен да. Гүлайда апа учурда 75 жаштын чайын ичип, балдары, небере-чөбөрөлөрүнүн маңдайында. Бир гана арманы чырпык кезинде эрте кеткен жан жолдошу Артисбектин жоктугу. 

Бир келген өмүрүндө адамдык парасатын бийик сактап, уул-келиндерине ийги мамиле жасап, адамдык асыл сапаттары менен тарбиялап эл оозунда жүргөн Гүлайда апа: “Негизи мен баардык келиндерим менен сыймыктанам. Өз кыздарымдан да артык көрөмүн. Анткени алар биз менен ар дайым чогуу . Аларды көбүрөөк көрүп, колдорунан сыйын көрүп жүрөмүн. Кайнене келиндерине кандай мамиле жасаса, келиндери да ошого жараша мамиле жасайт. Келиндеримден айланайын балдарыман акылдуу болсо экен деп тилечүмүн, ал тилегинимди кудай берип баарысы ыймандуу, ырыстуу чыгып, үй-бүлөлөрү менен ынтымактуу жашашат. Атаганат, чалымдын эрте кайтыш болуп кеткенине өкүнөм, келиндери жүгүнүп, абдан сыйлашчу эле. Көзү өткөндө келиндерим сыздап, боздоп узатышты. Дагы жашап, келиндеринин чайын ичип, сыйын көрсө жакшы болмок. Өмүр бою мага бир дагы жаман сөзү өтпөдү. Кайда барбайлык тамактын гүлүн биринчи мага сунчу”-деп ак ниет эмгеги менен, адамкерчилик сапаты менен эл ишениме ээ болуп айыл башчысы кызматын аркалаган Артисбек ата жөнүндө айтканы бар. Гүлайда апа мыкты каада-салтты, адеп-ахлакты кармап, адепти, ыйманды жогору коюп келет. Өзгөчө көңүл бурула турган бул улууну урматтоо маселеси. Алмустактан бери кыргыздар улууга урмат көрсөтүп, сыйлап, насаат кебин жерге таштабай, айтканын эки кылбай аткарып турган. Гүлайда апа уул-кыздарын кенедейин “Адамды эмгек нурдантат” деген жылуу-жумшак сөзү менен жумушка жууруп, эмгекке бышырган. Катуу айтып какпады тек гана ар намыска тийүүчү сөздөрдү айтып, тартипке чакырып, тарбиянын татыктуу жолуна салган.

Уулдарынын бири кыргыз медицинасына жана дүйнөлүк медицинасынын ортопедиясына жаңы технологияларды ачып,илимий ыкмаларды киргизген, уникалдуу операцияларды жасаган, даңкы далайга, атагы алыска кеткен жүз миңдеген ооруларды дарылап айыктырып бутуна тургузган, КР башкы ортопед-травматологу, КР илимине эмгек сиңирген дарыгери, илим жана техника жагындагы КР Мамлекетик сыйлыгынын БУУга караштуу интеллектуалдык менчигинин Чоң Алтын медалынын медициналык илимге киргизген салымы үчүн “Жибек жолу” медалынын “Илим жана жаңы технологиялар” номинациясында Кыргыз Республикасынын, КМШ мамлекеттеринин илим жана билим тармагындагы “Шериктештик жылдыздары” эл аралык сыйлыгынын лауреаты, “Достук” орденинин ээси, медицина илимдеринин доктору, инсандык улуулукту ыйык туткандыгы менен айырмаланган дүйнө жүзүнө таанылган белгилүү академик Сабырбек Артисбекович Жумабеков, жакшы уул элине баш болот дегендей калың элдин кыйырына таанылган, өлкө мүдөөсүнө камкор мамиле кылган, саясий маселелерди таамай так чече билген, кара кылды как жарган калыстыгы менен айырмаланган КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Артисбекович Жумабеков, ички иштер бөлүмдөрүндө чечкиндүүлүгү, принципиалдуулугу менен талбай эмгектенип келеаткан эки жогорку билимдүү Эстебек Жумабеков темир жол траснспорттук жол милициясында жооптуу кызматтарда жогорку деңгээлде иш алып барып, кийин Кара-Кулжа, Өзгөн, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеп, КР ИИМдин баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгын жетекчиси катары оор кылмыштарды ооздуктап, убагында ачылбай жүргөн далай кылмыштардын бет бардасын сыйрып, кылмышкерлер тийиштүү жазаларын алып турушкан. Учурда Эстебек Артисбекович Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги. Ал жетектеген бөлүм кылмыштуулукту алдын алуу, кыскартуу, ыкчам иретинде оор кылыштарды ачууда облус боюнча алдыңкы орунду бербей келүүдө. 

Асан АКМАТОВ 

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!